Новости

«Пленер-2016» чыгармачыл иш сапарынын отчеттук сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кечээ 19-октябрь күнү Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын 8 окутуучусу М.Эшбаев, А.Марипов, М.Мамытов, М.Исмаилов, А.Оморкулов, М.Мамазаиров И.Урманов, К.Мамараимовдордун "Пленер - 2016" сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Саамалыкка университеттин ректору Каныбек Исаков, Ош шаарынын Сүрөтчүлөр Союзунун төрагасы Улан Жалиев, университеттин окутуучулары, студенттери, искусство факультетинин жалпы жамааты катышышып, көргөзмөнүн кызыл тасмасы кесилди.

Аталган көргөзмөнүн авторлору ушул жылдын 11-июлунан 25-июлуна чейинки аралыкта Тарых жана маданият жылынын иш-чараларынын алкагында ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун демилгеси менен атайын каражат бөлүнүп кереметтүү Ысык-Көл областынын Кажы-Сай айылында болушуп, көлдүн жээгиндеги жаратылыш кооздугун көзү менен көрүп, жүрөгү менен туюп, чыгармачыл жан дүйнөсү менен сүрөткө тартып бир нече эмгектерди жаратып келишкен.

Көргөзмөнүн ачылуу аземинде ОшМУнун ректору К.Исаков чыгармачылык сапарда болуп, чыгармачылык эргүү алып эмгектерди жаратып келген окутуучулардын минтип отчеттук көргөзмө уюштуруп, жаш окутуучуларга, сүрөтчү болууну эңсеп келген студенттерге үлгү болуп, жоопкерчилик менен мамиле жасап, пленерден жаралган эмгектерин тартуулап жаткандыктарына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле былтыркы жылы университет 5 окутуучуну Ысык-Көл жээгине пленерге жөнөтсө, быйыл минтип 10 окутуучу жөнөтүлгөндүгүн белгиледи. Чыгармачыл окутуучуларга мындай пленерлер дем-шык берип, ийгиликтүү болсо, кийинки жылдары окутуучулар менен биргеликте мыкты билим алган, чыгармачыл студенттерди да жөнөтүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдирди.

Аталган көргөзмө Ош шаарында 3 күнгө созулат. Ал эми 8-ноябрдан тартып Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде ОшМУнун окутуучуларынын Тарых жана маданият жылына арналган сүрөт көргөзмөсү тартууланат.

Белгилей кетсек, көргөзмөнүн негизги максаты сүрөткер-педагогдордун көркөм-кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, чыгармачыл топтун өз ара тажрыйба алмашуусуна шарттарды түзүү, жаш окутуучуларга, студенттерге практика жүзүндө үлгү көрсөтүү, көркөм көргөзмөлөр үчүн живопистик чыгармалардын фондун түзүү, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, табияттын кооздугу, сулуулугу аркылуу көркөм табитти калыптандыруу болуп саналат.

7721 12:18 20-10-2016

                 

Новости

|< >|