Новости

Искусство факультети

19-октябрь күнү Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде ОшМУнун Искусство факультетинин "Сүрөт, чийүү жана эмгек" кафедрасынын 8 окутуучусу тарабынан "Пленер - 2016" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул көргөзмөнүн авторлоруна М.Эшбаев, А.Марипов, М.Мамытов, М.Исмаилов, А.Оморкулов, М.Мамазаиров И.Урманов жана К.Мамараимовдор кирет. Алар 2016-жылдын 11-июлунан 25-июлуна чейин Тарых жана маданият жылынын иш-чараларынын алкагында ОшМУнун ректору, профессор К.А.Исаковдун материалдык жана моралдык колдоосунун алдында 80 000 сом бөлүнүп Ысык-көл областынын Кажы-сай айлына барып көлдүн жээгиндеги жаратылыш кооздугун сүрөткө тартып келишкен. Көргөзмөнүн ачылуу аземине ОшМУнун ректору К.Исаков жана Ош шаарынын Сүрөтчүлөр Союзунун төрагасы катышты. Ректорубуз К.Исаков көргөзмөнүн авторлоруна жылуу сөздөрүн билдирди жана мындан кийин да дайыма чыгармачыл инсандарды колдоорун айтып өттү.
2638 09:07 20-10-2016

                 

Новости

|< >|