Новости

ОшМУда көз карандысыз аккредитацияга даярдыктын алкагында аккредитациялык агенттиктин өкүлдөрү менен семинар уюштурулду.

14-октябрь күнү “Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин” өкүлдөрү ОшМУнун колледждеринин жана орто кесиптик билим берүү программалары бар факультеттердин декандары, директорлору, кафедра башчылары менен жолугушуп пикир алмашышты.

Жолугушуунун алкагында көз карандысыз аккредитацияга даярдануу жана андан өтүү боюнча суроо маселелер талкууланды. Семинардын катышуучуларын кызыктырган суроолорго агенттиктин өкүлдөрү Исмаилов Б.И. жана Дүйшөбаева Г.Р. жооп беришти. Аккердитациядан өтүүгө нормативдик-мыйзамдык негиздин даяр болуп калгандыгын айтып беришти.

Негизги суроолор, аккредитацияга даярдык, өздүк аттестацияны даярдоо маселелеринин тегерегинде жүрдү жана агенттиктердин сайттарынан критерийлерди тапса болору айтылды. Университеттин проректору К.Г.Кожобеков көз карандысыз аккредитацияга даярдыктын алкагында жүргүзүлүп жаткан жана жүргүзүлө турган жумуштар жөнүндө белгилеп, маалымат берип өттү.

8575 17:26 15-10-2016

                 

Новости

|< >|