Новости

Швейцариядан келген өкүлдөр «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жактан иштер менен таанышты

Ош мамлекеттик университетине келген Швейцариянын Кыргызстандагы посолу Рене Холенштайн, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун директорунун орун басары Элизабет Фон Каппелер, Женевадагы саламаттыкты сактоо боюнча форумдун президенти, профессор Луи Лутон, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фондунун Кыргызстандагы координатору Эльвира Мураталиева, «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун менеджери Гүлзат Орозалиевалар университеттин ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча пикир алышышты.

Жолугушуунун алкагында Медицина факультетинде жана Медициналык клиникада болушуп, «Кыргыз Республикасында медициналык билим беүүунүн реформалары» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жактан иштер менен жакындан таанышышты. Учурда ОшМУнун Медицина факультети «Кыргыз Республикасында медициналык билим берүүнүн реформалары» долбоорунун алкагында бир нече семинарларга катышышып, жаңы интеграцияланган, проблеманы чечүүгө багытталган модулдук окуу пландарын түзүү боюнча иштерди алып барышкан. Учурда Медицина факультетинин дарылоо адистигинде билим алып жаткан 1-курстар аталган долбоордун алкагында жаңы модулдарга интеграцияланган окуу усулдары менен билим алып жатышат.

Белгилей кетсек, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу фонду ОшМУнун Медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунда ачылып жаткан «ПРАКТИКАЛЫК КӨНДҮМДӨР» Борборуна симуляциялык манекендер каражаттарын сатып алууга 38 миң доллардык каражат бөлүшкөн.

9275 13:18 13-10-2016

                 

Новости

|< >|