Новости

26-октябрь күнү “Бүгүнкү мектеп: жетишкендиктер, инновациялар жана көйгөйлөр” аттуу илимий-практикалык конференция өтөт

Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүүнү, кайра даярдоону заман талабына ылайык өзгөртүү, орто мектептин бүгүнкү көйгөйлөрүн чечүүнүн илимий-практикалык, педагогикалык психологиялык жолдорун изилдөө, ошондой эле окутуунун заманбап технологияларын өз сабагында пайдаланып, коомдогу ар кандай өзгөрүүлөргө ийкемдүү, конкуренцияга туруштук берген, жаңы коомду өзгөртүүгө дарамети бар жаңы муунду тарбиялай ала турган мектеп педагогдорун даярдоо күн тартибиндеги кечиктирилгис маселелерден экендигин эске алып, Ош мамлекеттик университетинин мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүү институту 2016-жылдын 26-октябрь күнү “Бүгүнкү мектеп: жетишкендиктер, инновациялар жана көйгөйлөр” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүүнү уюштуруп жатат.

Конференцияга Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарынын кызматкерлери, алдыңкы мектептер жана мугалимдер, жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышат.

Конференциянын максаттары:

• Бүгүнкү жалпы орто билим берүүчү мектептердин көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды чечүүгө карата идеялар, көз караштар, ой пикирлер менен алмашуу;

• Алдынкы тажрыйбаларды, инновацияларды популяризациялоо;

• Мектеп менен жогорку окуу жайынын арасындагы кызматташтыкты күчөтүү.

Конференциянын секциялары:

1. Мектеп мугалимдеринин билимин өркүндөтүүнү уюштуруунун сапатын жогорулатуу;

2. Мектепте, сабактарда маалыматтык-коммуникациялык технологияны эффективдүү колдонуу;

3. Көп тилдүү билим берүүнүн маселелери жана перспективалары;

4. Окутуунун инновациялык технологиялары, аларды колдонуунун тажрыйбасы;

5. Окуучуларды жалпы Республикалык тестирлөөгө даярдоо көйгөйлөрү жана профилдик (физика-математикалык, табигый, гуманитардык) билим берүүнүн актуалдуулугу.

Конференцияга катышууну каалоочулар +996 773 697044, +996 553 870487,

oshpedagog@gmail.com байланыштары менен байланышсаңыздар болот.

9494 15:40 12-10-2016

                 

Новости

|< >|