Новости

ОшМУда “Жүрөгүмдө - Кыргызстан!” аттуу музыкалык-патриоттук иш-чарасы өткөрүлдү

Өлкөбүздө биринчи ирет “Жүрөгүмдө - Кыргызстан!” аттуу музыкалык-патриоттук иш чарасы, патриоттор күнү Ош мамлекеттик университетинде болуп өттү.

ОшМУнун башкы имаратынын алдында белгиленген иш чара алгач университеттин бардык факультет, колледждеринин студенттеринин жүрүшү менен башталды. Ар бир жүрүш жогорку дух менен коштолуп, факультеттердин жаштар комитеттери төрага, төрайымдарынын коштоосунда ар бири 50-100дөн студент менен көчөлөрдө жүрүш жасап, кадимки Манас бабабыз кырк чоролору менен келгендей башкы имаратка “Мекеним-Кыргызстан», «Жүрөгүмдө-Кыргызстан» деп ураан чакырып кирип келишти. Жаштарыбыз жүрөктөгү мекенчилдик зор сезим менен терең билимге умтулушубуз керек, “Биз, билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!” дешип жатты. Ошондой эле иш чарага мындай демилгени колдоп келген “Мухаммед-Умар” спорт клубунунун жетекчиси КРнын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Омурзаков баштаган 100 спортчусу баштарына ак калпак кийип, Кыргызстандын туусун көтөрүп кирип келишти.

Патриоттор күнүндө университеттин таланттары кыргыз эстрада ырчыларынын мекенчилдик темасындагы ырларынан тандалып алынган 20 обондуу ырларын ырдап, студенттерди мекенчилдикке үндөгөн поэтикалык чыгармалардан көркөм окуулар окулуп, видео-слайддар көрсөтүлүп, улуттук бийлер бийленип, жаштарды патриоттуулукка үндөгөн чакырыктар жаңырды. Ошондой эле демилгени колдогон ырчы Сарама Каримова, легендардуу «Кыз Бурак» тобунун мекен жөнүндөгү ырлары ырдалды. Кечеге катышкан 5 миңге чукул студенттердин, улуу муундардын көзүнөн жүрөк титиреткен Мекен жөнүндөгү ырлардын коштоосунда Кыргызстанга болгон сүйүүсү артып, духу көтөрүлүп, талыкпай билим алуу, эмгектенүү, сыймыктануу тууралуу ак ниет, асыл максаттары көрүнүп турду.

Кечеде сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ар бир жаранды мекенчил болууга, мекенди сүйүүгө чакырды жана «Биз биринчи кезекте жаштарды адамгерчиликке, эмгекке, ыйманга, Кыргызстаныбызды сүйүүгө тарбиялабасак, анда келечегибиз биз ойлогондой болбойт. Ошондуктан улуттук таалим-тарбияга, нарк-насилге жаштарды тарбиялоону башкы орунга коелу.

Кыргызстаныбыздын туусун бийик көтөрөлү! Өлкөбүздүн намысын талашалы! Ата-Журтубуз Кыргызстаныбыз менен сыймыктаналы! Ар бир Кыргызстандыктын дилине, акыл эсине жараткан жакшы ойлорду, жакшы максаттарды, жакшы тилектерди, жакшы ниеттерди салсын.

Кыргызстанда жашаган ар бир жаран бактылуу болсун! Ар бирибиздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө Кыргызстан деген жарык жанып турсун! Кыргызстанды сактайлы, өнүктүрөлү, аяйлы, сүйөлү!”, -деген сөздөрү менен жыйынтыктады.

Кече “Кыз Бурак” тобунун аткаруусунда “Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын”, “Кыргызстаным” аттуу патриоттук ырлардын жалпы катышуучулардын коштоосунда ырдоосу менен жыйынтыкталды.

Бул күн - ОшМУнун студенттеринин патриоттук ойгонуу күнү болду. Бул күн - ар бир ОшМУнун студенти: “Кыргызстаным, сен үчүн баш көтөрбөй окуп, билим алам!” деп максат койчу күн болду!

10283 12:36 12-10-2016

                 

Новости

|< >|