Новости

ОшМУнун ректору “Жүрөгүмдө – Кыргызстан!” иш-чарасына 100 Кыргызстандын туусун тапшырды

Эртен, 11-октябрь күнү ОшМУда өтүүчү “Жүрөгүмдө – Кыргызстан!” патриоттук иш-чарасына Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков окуу жайдын студенттери үчүн 100 даана Кыргызстандын туусун тапшырды. ”Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, аларды өлкөбүздүн патриоту болууга, мыкты билим алуу, эмгекчил болууга үндөгөн, мекенди сүйүүгө тарбиялаган мындай иш-чара колдоого татыктуу”,-деди ректор К.Исаков.

Белгилей кетсек, 11-октябрда Ош мамлекеттик университети патриоттор күнүн өткөрөт. Бул күнү ОшМУнун имаратынын алдында университеттин таланттары кыргыз эстрада ырчыларынын мекенчилдик темасындагы ырларынан тандалып алынган 20 обондуу ырларын ырдап, студенттерди мекенчилдикке үндөгөн поэтикалык чыгармалардан көркөм окуулар окулуп, видео-слайддар көрсөтүлүп, улуттук бийлер бийленип, жаштарды патриоттуулукка үндөгөн чакырыктар жаңырат

10125 14:28 10-10-2016

                 

Новости

|< >|