Новости

Эл аралык деңгээлдеги иш чараларды уюштурууда жигердүү салым кошкондор сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамында Кыргыз Республикасынын экономикасынын инвестициялык потенциалын көтөрүүгө жана бүткүл дүйнөдөгү мекендештердин эркин баарлашуусуна интеллектуалдык аянтча катары шарт түзүп берген “Мекендештер - 2016” форумун уюштурууга активдүү катышып, жогорку мекенчилдик позициясын көрсөтүп жана салымын кошушкан Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбордун директору Түмөнбай Колдошовду, сүрөт чийүү жана эмгек кафедрасынын профессору Тамара Кадырбаеваны, ОшМУнун №1 башкы корпусунун коменданты Жамшит Курбанбаевди, ОшМУнун музыканты Равшан Момуновду, ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси Нуржамал Шеранованы, аталган бөлүмдүн адиси Жумагул Замирбекованы, студенттик “Нур” гезитинин башкы редактору Улукбек Омокеевди, маалыматтык техникалык камсыздоо борборунун жетектөөчү адиси Кубатбек Алманбековду 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйлады. Ал эми Тарых жана маданият жылынын алкагында болуп өткөн «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» Интеллектуалдардын Эл аралык форумун, “Мекендештер - 2016” форумун жана «Улуу Жибек Жолунун экономикалык алкагын биргелешип куруу жана анын тиешелүү өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген таасири» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияны жогорку деңгээлде уюштурууга активдүү катышып жана салымын кошкон Чет тилдер факультетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучулары Сатина Ибраимова, Жамила Жалиева, англис тилинин лексикологиясы жана стилистика кафедрасынын улук окутуучулары Гульгена Рахимбаева, Бурулча Койлубаеваларга 6000 миң сом, Америка жана котормо таануу кафедрасынын ТСО инженери Мурат уулу Урматка 3000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырды.

Ошондой эле 2016-жылдын 30-августунан 8-сентябрына чейин өткөрүлгөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына активдүү катышкандыгына, жогорку мекенчилдик позициясын көрсөтүп жана салымын кошкондугуна байланыштуу Өзгөн медициналык коллежинин директору Өзгөнбай Станбаев, Өзгөн медициналык колледжинин кадрлар бөлүмүнүн ага инспектору, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Алтынай Кадырова, колледждин контракт иштери боюнча директордун орун басары, окуу маалымат борборунун башчысы Мирзахид Мамаджанов, жалпы кесиптик дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Рита Жолдошбаевалар, Финансы-юридикалык коллежинин директору Танавар Акматова, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Алтынбек Маликов, бухгалтердик эсеп жана салык кафедрасынын башчысы Кубаныч Исаков, контракт жана практика боюнча директордун орун басары Мубарак Чыналиева, колледждин окутуучусу Назгүл Сатылгановалар 6000 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Сыйлык ээлерин куттуктаган университет жетекчиси университетте жаралып жаткан ийгиликтерде жамааттын ар бир мүчөсүнүн эмгеги зор экендигин, окуутуучулардын жасаган ар бир эмгеги бааланарын белгиледи. Ошондой эле эл аралык форумдарды, конференцияларды уюштурууда өзгөчө университеттин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Эрлан Камаловдун эмгеги бар экендигин кошумчалады.

9765 11:08 10-10-2016

                 

Новости

|< >|