Новости

“Жүрөгүмдө – Кыргызстан!” патриоттук иш-чарасына 100 спортчу келет

Ош мамлекеттик университетинде боло турган 11-октябрдагы “Жүрөгүмдө – Кыргызстан!” патриоттук иш-чарасына “Мухаммед-Умар” спорт клубунун 100 спортчу жигити баштарына ак калпак кийип, Кыргызстандын тууларын бийик желбиретип келе турган болушту деп билдирди ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замирбек Божонов. Маалыматка ылайык бул тууралуу аталган спорт клубунун жетекчиси КРнын ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Омурзаков билдирген.

“Сүйүктүү Кыргызстаныбызды даңазалаган ырларды студенттер менен кошо спортчуларыбыз да угуп, таасирленип, мекенчилдик сезимдерин курчутуп, дагы да чымырканып машыгууга, спорт жаатында Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга шык-дем алчу эң сонун иш-чара экен. Анткени патриоттук ырлар өзгөчө спортчулар үчүн абадай эле зарыл нерсе. Экинчиден, мындай патриоттук иш-чараны уккан ар бир кыргыз жигити кайдыгер карабаса керек”,-дейт У.Омурзаков.

11592 15:32 08-10-2016

                 

Новости

|< >|