Новости

Ош шаардык жаштар комитети “Жүрөгүмдө – Кыргызстан!” иш-чарасына 100 калпак белек кылды

11-октябрда ОшМУда өтүүчү “Жүрөгүмдө – Кыргызстан!” патриоттук иш-чарасын Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Суербек Аманов кызуу колдоорун билдирип, окуу жайдын студенттери үчүн 100 даана ак калпак белек кылды.”Жаштарыбызды мекенди сүйүүгө тарбиялап, улуттук духту көтөрүүчү мындай иш-чараларды баарыбыз ар тараптан колдообуз керек. Өзгөчө ал күнкү патриоттук иш-чарада студент мырзаларыбыз баштарына ак калпагын кийип Ала-Тоодой заңкайышып жүрүшүн каалар элем”,-дейт С.Аманов.
12254 15:29 08-10-2016

                 

Новости

|< >|