Новости

Мугалимдердин кесиптик майрамынын урматына салтанат өтүп, мыктылар сыйланды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош мамлекеттик университети салтанаттуу жыйын уюштурулуп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

Жыйынды ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, адамдарды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирди. Андан соң сентябрь айы ичи университеттин эл аралык байланыштарын чыңдоо, университеттер аралык байланыштарды күчөтүү багытында жасалган иштерге токтолду. 27-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын 40 ашуун университеттери, Борбордук Азиянын 28 университетинин ортосунда бирдиктүү билим берүү боюнча Альянс түзүлүп, ага ОшМУ мүчө болгондугун. Ушул эле Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 28-сентябрда Синьцзян медициналык университети, Синьцзян Кашкар университети, Синьцзян финансы-экономикалык университеттери менен өз ара кызматташуу боюнча университеттер ортосунда студенттердин жана магистранттардын академиялык мобилдүүлүгү, окутуучу, илимпоздор менен өз ара алмашуу, стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен конференцияларды өткөрүү, эл аралык илимий долдоорлорду биргеликте ишке ашыруу багыттында келишимдер түзүлгөндүгүн, ал эми Синьцзян педагогикалык университети менен «Кош диплом берүү» боюнча келишимге кол коюлгандыгын белгиледи. Ошондой эле Андижан мамлекеттик университети менен башталган байланыштар, Москва шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн катышуусундагы мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин IV сьезди тууралуу, ошондой эле келечек максаттар жөнүндө айтып өттү.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата билим берүүдө өзгөчө эмгеги үчүн ОшМУнун Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору, п.и.к., профессор Мейликан Алтыбаева Кыргыз Республикасынын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмесинин мүчөсү күбөлүгү жана КРдин “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмеси тарабынан “Эл сүйгөн жетекчи” наамы жана төш белгиси менен, Теология факультетинин илимий кызматкери Асилбек Алиев Москва шаарындагы ЖОЖдордун окутуучуларынын Эл аралык профессионалдык конкурсуна катышкандыгы үчүн Рус Альянс “Сова” Сертификаты менен сыйланды.

Майрамдык салтанатта ОшМУда көп жылдык үзүрлүү эмгектери, ийгиликтери, билим берүү тармагына кошкон салымдары үчүн п.и.к., доцент Токтайым Умурбекова, Искусство факультетинин улук окутуучусу Абдибали Марипов, Орус филологиясы факультетинин улук окутуучусу Рахат Ормокеевалар КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланышса, университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан бир топ профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун жана Бириккен профсоюздар уюмунун Ардак грамоталары жана окуу жайдын өзүнүн акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ошондой эле “Жылдын мыкты куратору”, “Жылдын мыкты декандын тарбия иштери боюнча орунбасары” да сыйлыктары да берилди.

Кеченин калган бөлүгүн ОшМУнун таланттарынын майрамдык концерти коштоду.

11104 16:38 07-10-2016

                 

Новости

|< >|