Новости

ОшМУда “Жүрөгүмдө - Кыргызстан!” аттуу музыкалык-патриоттук иш-чарасы өткөрүлгөнү жатат

Ушул жылдын 11-октябрында Ош мамлекеттик университети патриоттор күнүн өткөрөт. Маалыматка ылайык 11-октябрь күнү саат 18-00дө ОшМУнун имаратынын алдында университеттин таланттары кыргыз эстрада ырчыларынын мекенчилдик темасындагы ырларынан тандалып алынган 20 обондуу ырларын ырдап, студенттерди мекенчилдикке үндөгөн поэтикалык чыгармалардан көркөм окуулар окулуп, видео-слайддар көрсөтүлүп, улуттук бийлер бийленип, жаштарды патриоттуулукка үндөгөн чакырыктар жаңырат.

“Бул күн - ар бир кыргыз: “Мен сенин таалайыңа төрөлгөмүн, Кыргызстан!” деп өзүнө-өзү Ала-Тоонун алдында ант берчү күн! Бул күнү - ар бир ОшМУнун студенти: “Кыргызстаным, сен үчүн баш көтөрбөй окуп, билим алам!” деп максат койчу күн болот!”, -дейт ОшМУнун тарбия департаментинин директору Замирбек Божонов.

10266 10:36 07-10-2016

                 

Новости

|< >|