Новости

Андижан мамлекеттик университети менен кызматташуу тууралуу сөз болду

Кыргыз делегациясы Өзбекстандын чакыруусу менен 1-октябрь күнү достук сапары менен Андижанга барып келишти. Аталган делегациянын курамында барган Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Андижан мамлекеттик университетинде болгон жолугушууда университеттин материалдык-техникалык базалары менен таанышып, аталган университеттин ректору менен жолугуп, пикир алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн негизинде өз ара кызматташуу, эки университет ортосунда студенттердин жана магистранттардын академиялык мобилдүүлүгү, окутуучу, илимпоздор менен өз ара алмашуу, стажировкаларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

10256 10:17 07-10-2016

                 

Новости

|< >|