Новости

Пакистандан келген делегация кызматташууга кызыктар экендиктерин билдиришти

Ош мамлекеттик университетине бүгүн 6-октябрь күнү Пакистандын жогорку билим берүү боюнча комиссиясынан жана Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңешинен атайын делегация келип, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушту.

Университет жетекчиси Каныбек Исаков ОшМУда учурда дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнөн 2000ден ашуун студенттер, магистранттар билим алып жаткандыгын белгилеп, медицина багытында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер үчүн Эл аралык медицина факультетине заманбап имарат курулуп, ишке берилгендигин, университеттин ички каражатынан курулуп, иштеп жаткан клиникалары студенттердин татыктуу билим, тажрыйба алуусуна салым кошуп жаткандыгын айтты. Ошондой эле учурда медицина факультетинин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, ординанттар Германия, Турция, Индия, Кытай, АКШ, Россия жана башка өлкөлөрдө академиялык алмашуу багытында билим, тажрыйба алып келип жаткандыктарын кошумчалады.

Жолугушууда делегация мүчөлөрү Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстанда медицина багытында билим берип жаткан университетттер менен таанышып, алардын эң алдыңкыларын Пакистандык студенттерге сунуштоо максатында келгендиктерин билдиришти. Ошондой эле университеттер ортосунда окумуштуу профессорлорду, окутуучуларды, ординаторлорду, студенттерди академиялык алмашуу, тажрыйба бөлүшүү, биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, ОшМУнун медициналык, стоматологиялык клиникалары менен жакындан таанышып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун алкагында делегациянын курамы ОшМУнун музейи, билим берүү системасы, Медицина факультети, Эл аралык медицина факультети, медициналык колледждери, клиникалары, клиникалык базалары менен жакындан таанышып, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Иш сапардын алкагында Пакистандык студенттер менен да жолугушуп, пикир алышмакчы.

6867 14:39 06-10-2016

                 

Новости

|< >|