Новости

Искусство факультетинин окутуучулары өздөрүнүн сүрөт көргөзмөсү менен Турция мамлекетин багындырып келди

28 - сентябрь күнү Турция мамлекетинде болуп өткөн эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө Искусство факультетинин окутуучулары, магистранттары жана студенттери өздөрүнүн живописттик чыгармалары менен катышкан. Бул көргөзмө Турция мамлекетинин Муш шаарындагы Алп Арслан атындагы университетинде өткөрүлдү. Бул көргөзмөгө көптөгөн чет мамлекеттерден келген сүрөтчүлөрдүн чыгармалары коюлган. Алардын арасында биздин да чыгармаларыбыз коюлган. Көргөзмөгө өз чыгармалары менен катышкан окутуучулар жана магистранттар төмөнкүлөр: Мамыралы Эшбаев - КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, доцент; Марипов Абдибали - КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, доцент; Тешебаев Умид - КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, окутуучу: Турдубаева Зура - КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, окутуучу; Мамазаиров Мирлан - КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, окутуучу; Абдрашит кызы К. - магистрант; Убайдулла кызы Б. - студент; Салиев Эркебулан. Алар көргөзмөгө катышкандыгы үчүн Турция мамлекетинин маданият министрлигинин сертификаттарына ээ болушту. Эми алардын чыгармаларын Европа мамлекеттерине көрсөтүү жагы Турция тарабынан пландаштырылууда. Бул ийгиликтин уюштуруучусу Арашан институтунун директору Жоробеков Темир Астаевич болуп эсептелет.
3491 14:09 06-10-2016

                 

Новости

|< >|