Новости

Чет тилдер факультетинин америка таануу жана котормо кафедрасынын 10 жылдыгына арналган форум уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде америка таануу жана котормо кафедрасынын 10 жылдыгына карата “Заманбап дүйнөдөгү котормо” аттуу эл аралык форум өттү.

Форумга факультеттин профессордук-окутуучулук жамааты, тажрыйбалуу адистер, котормо бюро жана бөлүмдөрдүн жетекчилери, котормочу-фрилансерлер, студенттер, башка жогорку окуу жайлардын, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Жыйында лингвистиканын жана котормо таануунун көйгөйлүү суроолору боюнча адистер ой бөлүшүп, талкуулар жүрдү. Ошондой эле котормонун ар кандай аспектилери боюнча пленардык жыйындар уюштурулуп, баяндамалар жасалып, презентациялар жана мастер-класстар орун алды жана котормо таануу чөйрөсүндөгү алдынкы адисттер өзүнүн баалуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Белгилей кетсек, ОшМУнун чет тилдер факультетинин котормо адистигинде билим алып жаткан студенттер үчүн университет тарабынан 300 адамга ылайыкташкан синхрондук котормо аппараттар алынып берилген. Учурда факультеттин студенттери түрдүү эл аралык конференцияларда, форумдарда, симпозиумдарда синхрондук котормо кызматтарын аткарып, ыраазычылыктарына ээ болушууда.

8126 14:30 05-10-2016

                 

Новости

|< >|