Новости

Жети дубанындагы ЖОЖдорунун ички академиялык мобилдүүлүгүн камсыз кылган “Ош декларациясы” алгачкы мөмөсүн бере баштады

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков Ысык-Көл мамлекеттик университетинен, Нарын мамлекеттик университетинен, Талас мамлекеттик университеттенен келип “Ош декларациясынын” алкагында билим алып жаткан студенттер менен жолукту.

Жолугушууда окуу жай жетекчиси ар бир студент менен жакындан таанышып, алардын ал-акыбалын, шарттарын сурап, демилгени колдоп келген студенттерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өзүн ачык университет катары жарыялаган ОшМУда учурда дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн келген студенттер, магистранттар түрдүү адистиктер боюнча билим алса, ошол эле учурда ОшМУнун студенттери, магистранттары, окутуучулары бир топ чет өлкөдөрдөгү университеттерден билимин өркүндөтүп тажрыйба алып жаткандыгын белгиледи.

“Биздин университет учурда чет өлкөлүк окуу жайлар менен байланышып, академиялык мобилдүүлүк багытында бир топ кызматташтыктар өркүндөп жатат. Бирок биздин мамлекеттин ичинде студенттерди алмашып окутуу, тажрыйба үйрөнүү солгундап келген. Бул бөксөнү толтуруу үчүн биз демилге көтөрүп 7 дубандагы мамлекеттик университеттердин ортосунда “Ош декларациясын” кабыл алганбыз. Аталган университеттердин студенттери эми бири-бири менен достошуп, пикир алышып, билим, тажрыйба алууга шарт түзүлдү. Биздин студенттерибиз да жайкы семестрде сиздердин университетке барып билим алып келишет, биз ушинтип камыр-жумур болуп жашашыбыз керек. Биз бири-бирибиздин жакшы жактарыбызды көрүп, кемчиликтерибизди оңдоо менен билим сапатын көтөрүүгө салым кошобуз”,-деген ректор Каныбек Исаков студенттерге китептеринен белекке берди.

Учурда 1 семестр билим алуу үчүн Талас мамлекеттик университетинен ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин география адистигине 2-курстун студенттери Кубат Ибрагимов, Айгерим Кеңешбекова, Жазгул Момукулова, 3-курстун студенти Арслан Жекшенбеков жана Педагогика жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүү адистигине 3-курстун студенти Гульзаада Тажибаева, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен Табият таануу жана география факультетинин туризм адистигине 3-курстун студенттери Мээрим Айсахунова, Жаркынай Макешева, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабияты адистигине 2-курстун студенти Салия Абдрахмановалар, Баткен мамлекеттик университетинен Педагогика жана дене тарбия факультетинин башталгыч билим берүү адистигине 3-курстун студенти Динара Кошонова, ушул эле факультеттин дене тарбия адистигине 2-курстун студенти Сыдыков Нурсултан, Орус филологиясы факультетине 3-курстун студенти Абакул кызы Акдаана, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин математика жана информатика адистигине 3-курстун студенти Мурадилла Сүйүновдор келишкен. Алар тиешелүү факультеттерде, адистиктери боюнча билим алып жатышат, алардын ар бирине жекече пландар түзүлгөн. Кышкы семестрди ОшМУда окуган аталган студенттердин тиешелүү предметтерден алган баалары билим алган университтеринде таанылып, андан ары окууларын улантыша беришет. Ал эми жакынкы күндөрдө “Ош декларациясына” кирген Нарын мамлекеттик университетинен 3 студенттин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен 3 студенттин келүүсү күтүлүүдө. Учурда билим алып жаткан 14 студент бардык шарттары менен камсыздалган ОшМУнун профилакториясында жайгашышкан, эми алар атайын университеттин Жаштар комитетинин коштоосунда Ош шаарынын тарыхый, кооз жайлары, университеттин кампустары менен таанышып, түрдүү кызыктуу иш чараларга катышышмакчы.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда Ош мамлекеттик университетинде өлкөбүздүн жети дубанында жайгашкан жети мамлекеттик университетинин ортосунда университеттер аралык ички академиялык мобилдүүлүктү чындаган “Ош декларациясын” кабыл алынган. Декларацияда университеттер аралык педагогикалык тажрыйба алмашуу, студенттерди алмашып билим берүү, жаш окумуштууларды башка ЖОЖдун өрнөктүү профессорлорунун сабактарына катыштыруу, профессорлорду бири-бирине алмашуу менен конференция, симпозиумдарды, онлайн-лекция, видео-концеренцияларды уюштуруу сыяктуу ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү иш аракеттери камтылган.

8818 14:03 05-10-2016

                 

Новости

|< >|