ОшМУнун юридика факультетинин окумуштуулары, доцент Марат Татенов жана Кымызай Дехкановалар Конституцияга киргизилип жаткан өзгөтүү жана толуктоолор боюнча баяндама жасашты. Анда учурдагы Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр ар бир берене боюнча салыштырма таблица аркылуу ачык-айкын баяндалды. Талкуу суроо-жооптор менен коштолду.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү долбоор жыйындын бардык катышуучулары тарабынан колдоого алынды.
Кошумчалай кетсек, мындай талкуулар буга чейин университеттин Административдик кеңешинде болуп өтсө, учурда тарбия департаменти тарабынан юрист окутуучулардын катышуусунда бардык факультеттерде да уюштурулуп жатат.