ОшМУнун доценти Абазбек уулу Расул өзү менен биргеликте ОшМУнун жетекчилиги тарабынан демилгеленип ушул жылдын 25-февралында уюштурулган “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!” аттуу кайрымдуулук марафонунан түшкөн 384 миң сом акча каражатына алынган күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюм-тайымдар, кийим-кечектер, азык-түлүк, концелярдык каражаттарды экспедициянын коштоосунда Ооган кыргыздарына алып кетти.
ОшМУ буга чейин бул кызматташууда төмөнкү иш-чараларды аткарууну максат кылган болчу. Алар Ооган кыргыздары жөнүндө тарыхый, маданий жана демографиялык жалпы маалыматтарды топтоо, анализдөө, Ооган кыргыздарынан каалоочу 5 өспүрүм жаштарды Кыргызстанга алып келип орто, кесиптик же жогорку билим алуусуна баардык шарттарды түзүп берүү (жатакана, тамак-аш, окуу акысы ж.б. чыгымдары окуу жай каржылап берет). окуу жайдын жамааты тарабынан гуманитардык жардамдарды (кийим-кече, күндөлүк колдонуучу буюмдар, окуу куралдары жана окуу каражаттары ж.б.) топтоо жана аны жеткирүү.
Белгилей кетсек, ОшМУда 2015- жылдын июнь айында “Чет элдик кыргыздарды изилдөө борбору” ачылган. Борбордун негизги максаты – чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын жашоо турмушун, тарыхын, салт-санаасын, маданий баалуулуктарын илимий негизде изилдөө менен алардын социалдык-экономикалык жана демографиялык абалын жакшыртуу жолдорун аныктоо болуп саналат.