Новости

Шаар күнүнө карата ОшМУнун демилгелүү студенттери тазалык акциясын уюштурушту

Ош мамлекеттик университетинин табият таануу жана география факультетинин Жаштар комитети Абдыганы Нурдубек уулу тарабынан демилгеленип, Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан колдоого алынган Ош шаарынын туулган күнүнө арналган тазалык иш-чарасы болуп өттү.

Шаарды тазалоо, шаар тургундарын тазалыкка үндөө, шаар күнү менен куттуктоо максатында уюштурлуган акцияга табият таануу жана география факультетинин 250дөн ашуун ыктыярдуу студенттери катышып, алар Ош шаарынын сыймыгы болгон Ак-Буура дарыясынын жээктерин жана Сулайман-Тоосунун айланасын тазалап, таштандылардан арылтышты. Ал эми Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба, транспорт бөлүмү тарабынан таштандылар алынып кетти.

Эскерте кетсек, 2015-жылы да ОшМУнун студенттери шаар күнүнө карата тазалык акциясын уюштурган. Ал эми ушул жылдын сентябрь айында ОшМУнун Жаштар комитети тарабынан да “Тазалык-ыймандын башаты” деген аталыштагы акция уюштулуп, шаардын эс алуу абктарын, Ак-Буура дарыясын, Сулайман-Тоосунун айланасын тазалашкан болчу.

5101 11:01 04-10-2016

                 

Новости

|< >|