Новости

Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин 20 жылдык мааракесине арналган спорттун ордо, волейбол, футбол түрлөрү боюнча профессордук-окутуучулук курамдын, бука тартыш оюну боюнча студенттердин мелдештерин

Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин 20 жылдык мааракесине арналган спорттун ордо, волейбол, футбол түрлөрү боюнча профессордук-окутуучулук курамдын, бука тартыш оюну боюнча студенттердин мелдештерин жыйынтыгы. Учурда оюундун алгачкы жеңүүчүлөрү да аныкталды. Волейбол түрү боюнча аялдар ортосундагы мелдеш кызуу өтүп, жыйынтыгында педагогика жана дене тарбия факультетинин командасы 1-орунга, медициналык колледждин командасы 2-орунга, табият таануу география факультетинин командасы 3-орунга ээ болушкан. Ал эми спорттун ордо түрү боюнча 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду табият таануу жана география факультети ээлесе, 3-орунду калыстар тобунун чечими менен Ош мамлекеттик социалдык университетинин курама командасы ээледи. Футбол түрү боюнча 1- орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2- орунду Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультети ээлесе, Ош жаштар ишкерлер ассоциациясы 3- орунга ээ болушту. Ал эми студентер арасында бука тартыш оюну боюнча 1- орунду Медициналык колледждин студенти, 2- орунду БиМ факультетинин студенти, Медицина факультетинин студенти 3- орунга ээ болду. 20- жылдыка карата спорттук иш чаралар уюштурууга байланыштуу нормативдик жоболор, так аткарылып оюндун жүрүшүндө судьялар тарабынан катуу көзөмөлдөнүп, оюндун жүрүршү башынан аягына чейин жогорку деңгээлде оттү, бардык командалар өз жеңиштерине ээ болуп жыйынтыгында 1,2,3,4 орунду ээлегендерге Деканыбыз тарабынан 1- орунга 4 000 сом, 2- орунга 3 000 сом, 3- орунга 2 000 сом акчалай сыйлыктары жана кубоктор тапшырылды. Мындан ары окутуучулар жамаатына ийгилик каалоо менен ыраазычылык билдиребиз.
3766 15:39 03-10-2016

                 

Новости

|< >|