Новости

ОшМУга Синьцзян педагогикалык университетинен окутуучулар жана Кызыл-Суулук кыргыз студенттер келишти

Ош мамлекеттик университетинин жамааты кече, 29-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян педагогикалык университетинде эмгектенишкен 3 окутуучуну жана аталган университеттин Кыргыз филологиясы факультетинде билим алышкан 3-курстун 23 студентин жылуу тосуп алышты.

Бүгүн аларга арналган атайын жыйын уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Делегацияны Синьцзян педагогикалык университетинин “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакун жетектеп келди. Алар Ош областында 1 жума болушат жана Ош облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат райондорундагы айрым мектептерге жана Ош шаарындагы бир мектепке бөлүнүшүп, кыргыз тили жана адабияты предметинен сабактарга катышып, педагогикалык практикадан өтүшөт.

Жыйында сөз сүйлөгөн профессор Мамбеттурду Мамбетакун «Жоон топ делегациябыздын Ош шаарына келүүсүнө шарт түзүп берген ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго терең ыраазычылык билдиребиз. Анткени Синьцзян педагогикалык университетинин Кыргыз филологиясы факультетинде билим алып жаткан Кызыл-Суулук кыргыз студенттердин тажрыйба алуусуна, кыргыз элин жеринен көрүп, билим берүүсү, элдин жашоосу менен таанышуу биздин студенттерибиз үчүн чоң бакыт. Биз бул жерден алган тажрыйбаларыбыздын баарын тасмага тартып, атайын үлгү катары кыргыз тили, кыргыз адабияты сабактарында колдонобуз. Бул биздин студенттерге чоң тажрыйба болуп берет»,-деди.

Делегация учурда Ош мамлекеттик университетинин AVN информациялык системасы менен таанышып, университеттин Кыргыз-Кытай факультетинде, Ак-Буура кампусунда болушуп, студенттер менен пикир алышып, баарлашышты.

Ошондой эле аларга кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы боюнча лекциялар өтүлөт. Ушул эле күнү кечинде Сулайман-Тоо музей комплекси, эс алуу бактары менен да таанышышат.

1-октябрдан аталган делегация мектептерде педагогикалык практикалардан өтүшүп, жыйынтыгында Кыргызстандын Талас, Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарына сапар тартышмакчы.

Белгилей кетсек, Синьцзян педагогикалык университети менен Ош мамлекеттик университети билим берүү жатында кызматташып, окутуучулардын, магистранттардын, студенттердин илим изилдөө, тажрыйба алмашуу багытында академиялык мобилдүүлүк ишке ашып келет.

6969 10:42 30-09-2016

                 

Новости

|< >|