Келишим боюнча эки университет айрым адистиктер боюнча бири-биринин кредит сааттарын, дипломдорун жана сертификаттарын таанышат. Эми мындан ары окуу программалары жакын айрым адистиктерде окуган студенттер Ош мамлекеттик университетинин жана Синьцзян педагогикалык университетинин дипломун алууга мүмкүнчүлүк алышат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында ОшМУдан Синьцзян педагогикалык университетине барып билим алып жаткан магистранттар менен жолугушуп, пикир алышты. Анда ректор Каныбек Исаков магистранттардын ал абалын сурап, суроолоруна жооп берди жана түзүлгөн шарттары менен таанышты.