Новости

ОшМУ КЭРдин 3 университети менен академиялык мобилдүүлүк багытында келишимдерге кол койду

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 28-сентябрда Синьцзян медициналык университети, Синьцзян Кашкар университети, Синьцзян финансы-экономикалык университеттери менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдерине кол койду.

Келишимге ылайык эми аталган университеттер ортосунда студенттердин жана магистранттардын академиялык мобилдүүлүгү, окутуучу, илимпоздор менен өз ара алмашуу, стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен конференцияларды өткөрүү, эл аралык илимий долдоорлорду биргеликте ишке ашыруу багыттында кызматташтыктар ишке ашырылат.

Ошондой эле ОшМУнун ректору Синьцзян медициналык университетинде болуп, университеттин медициналык лабораториялары, клиникалары менен жакындан таанышып кайтты.

Аталган университеттердин ректорлору жакынкы күндөрдө ОшМУга келип, таанышып, түзүлгөн келишимдердин мындан ары да өркүндөтүү багыттарында да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшмөкчү.

Белгилей кетсек, 27-сентябрь күнү Синьцзян мамлекеттик университетинде КЭРдин жана Борбордук Азиянын университеттеринин ректорлору катышкан жыйын болуп, анда ОшМУ КЭРдин жана Борбордук Азиянын 60тан ашуун университеттеринин ортосунда түзүлгөн билим берүү багытындагы Альянска кирген.

6908 13:55 29-09-2016

                 

Новости

|< >|