Новости

ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинин 20 жылдыгына арналган спорттук мелдештер уюштурулуп жатат

Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин 20 жылдык мааракесине арналган спорттун ордо, волейбол, футбол түрлөрү боюнча профессордук-окутуучулук курамдын, бука тартыш оюну боюнча студенттердин мелдештери 26-сентябрь күнү башталган. Учурда оюундун алгачкы жеңүүчүлөрү да аныкталды. Волейбол түрү боюнча аялдар ортосундагы мелдеш кызуу өтүп, жыйынтыгында педагогика жана дене тарбия факультетинин командасы 1-орунга, медициналык колледждин командасы 2-орунга, табият таануу география факультетинин командасы 3-орунду ээ болушкан.

Ал эми спорттун ордо түрү боюнча 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду табият таануу жана география факультети ээлесе, 3-орунду калыстар тобунун чечими менен Ош мамлекеттик социалдык университетинин курама командасы ээледи.

Уюштуруучулардын айтымында учурда калган спорттун түрлөрү боюнча да мелдештер кызуу уланууда. Бизнес жана менеджмент факультетинин 20 жылдык мааракесине арналган спорттук мелдештерге 40 000 сомдук байге фонду каралган.

7037 16:12 28-09-2016

                 

Новости

|< >|