Новости

ОшМУга КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ыраазычылык катын жөнөттү

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаковдун атына КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору ыраазычылык катын жөнөттү.

Катта 2016-жылдын 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында болуп өткөн II дүйнөлүк көчмөндөр оюунунда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бирдиктүү нөөмөт диспечердик 112 кызматынын кызматкерлери менен Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин студенттери суткалык нөөмөттө волонтер-котормочу катарында тыгыз иш алып барышты.

Жогорудагылардын негизинде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун атынан Сиздер жөнөткөн университеттин студенттерине терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да тыгыз кызматташтыкта болорубузга ишенебиз деп жазылат. Ыраазычылык катка КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы, полковник М.Х.Сваров кол койгон.

Эске сала кетсек, Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Бакытбекова Жылдыз, Мурзубраимова Каныкей, Икрамова Надира, Калчороева Бегимай, Смадиярова Бегимай, Стамалиева Назира, Кимсанова Ширин, Закирова Шахноза, Юсупов Заур, Турсунбаев Алишер, Мамадалиев Муродилло, Кадыров Искендер, Саипов Дилшад, Мирзаев Жавлон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде волонтер-котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.

7363 16:01 27-09-2016

                 

Новости

|< >|