Новости

ОшМУда Эстониянын Тарту университетинин профессорлорунун семинарлары уюштурулууда

Ош мамлекеттик университетинде “Эразмус+» программасынын алкагында Эстониянын Тарту университетинен келген профессорлор Катри Райк жана Кристьян Клаукс 26-сентябрь күнү ОшМУнун структура бөлүмдөрүнүн жетекчилерине алмашуу программалары жана “Эразмус+” программасы боюнча семинар өтүштү. Ал эми бүгүн, 27-сентябрь күнү факультеттердеги тиешелүү окутуучуларга жана жетекчилерге «Окуу программаларын ички баалоо» боюнча семинар уюштуруп жатышат.

“Аталган долбоор Эстониянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашууда. Программанын партнерлору Тарту университети, Нарва колледжи, Социалдык интиеграция борбору, Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз мамлекеттик университети болуп саналат. Долбоордун жалпы максаты –билим берүү системасына жаңыча мамиле жасоо менен Кыргызстанда көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү болуп саналат”, -деди Тарту университетинин Өнүктүрүү бөлүмүнүн долбоорлор боюнча менеджери Кристьян Клаукс.

Белгилей кетсек, Эстониянын Тарту университети 1632-жылы негизделген. Учурда 17643 студент билим алса, алардын ичинен 831 студент чет элдик студенттер. “Эразмус+” программасынын алкагында Ош мамлекеттик университети партнер катары бир топ долбоорлорго катышып, академиялык мобилдүүлүк боюнча да кызматташып келет.

5897 11:33 27-09-2016

                 

Новости

|< >|