Новости

Жамаат Кыргыз-Кытай факультетинин окуу имараты, жатаканасынын курулуш иши менен таанышты

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков баштаган Административдик кеңештин жалпы курамы 24-сентябрь күнү университеттин Кыргыз-Кытай факультетине курулуп жаткан окуу имаратынын жана жатаканасынын курулуш иши менен таанышты. Май айынын башында башталган имараттын учурда кабаттары толук тургузулуп бүтүп, чатырын жабуу иштери жүрүп жаткандыгына күбө болгон жамаат курулуш ишинин ийгиликтүү бүтүшүн тилек кылышты.

Аталган окуу корпусу жана жатаканасы жер төлөсү менен биргеликте 6 кабаттан туруп, окуу имаратынын жер төлөсүндө чыгыш өнөрлөрүн үйрөтүүчү спорттук залдар, 1-кабатында заманбап конференц залдар, жогорку кабаттарында тилди жаңы технологиялар менен үйрөтүүчү лингафондук кааналар, мультимедиалык залдар, заманбап техникалар менен камсыздалган аудиториялар менен толукталса, 6 кабаттуу жатаканада студенттер, магистранттар үчүн, чет өлкөдөн келген окутуучулар үчүн бардык шарттары менен камсыздалган конок үйлөрү болуусу пландалган. Боз үй тибиндеги жатакананын эң үстүнкү бөлүгүндө жаңы типтеги конференц залдар орун алары да айтылган.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы менен биргеликте үч жыл мурда ачылган Кыргыз-Кытай факультетине (б.а. Конфуций институтуна) чоң заманбап окуу имаратын, студенттер, окутуучулар үчүн жатакана куруу боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Кытай Эл Республикасындагы Ханьбань Конфуций институттарынын башкы башкармалыгы тарабынан 800 000 доллар грант бөлүнгөн, учурда тендерден утуп алган ОсОО "Элитстрой" курулуш компаниясы курулуш ишин жүргүзүүдө.

5430 09:36 26-09-2016

                 

Новости

|< >|