Новости

ОшМУда «Жаштар Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн» лидерлерден лидерлерге аттуу жаштар форуму старт алды

Форумга Кыргызстандагы 10 жогорку окуу жайынан активдүү студенттер, ректорлор, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөр, эл аралык уюмдардан өкүлдөр катышууда.

Алгач форумдун ишин ачып берген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Enactus Кыргызстан тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан Улуттук Чемпиондукка катышып келе жаткандыгын, бул командаларда Кыргызстандын келечегине салым кошуучу потенциалдуу жаштардын арбын экендигин белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Таалайгуль Исакунова, Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин өкүлү Лаура Джуманова, БУУнун ыктыярчылар программасынан Айнура Суранаева, ушул эле уюмдун жаштар фондусунун адиси Асел Тургунова жана башкалар Кыргызстандын өнүгүүсүндө жаштардын ролу тууралуу сөз кылышты. Учурда жыйын кызуу талкуу менен жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, форумга катышып жаткан ОшМУнун “Enactus” командасы Кыргызтандын Улуттук Чемпиондугун эки ирет жеңип алышкан. Ал эми аталган форум Enactus Кыргызстан уюму, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен уюштурулуп жатат.

6894 11:50 23-09-2016

                 

Новости

|< >|