Новости

ОшМУда мамлекеттик тил күнүнүн урматына арналган салтанаттуу кеченин башталышына аз убакыт калды

Бүгүн, 22-сентябрь күнү саат 18-00дө 23-сентябрь –Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин имаратынын алдында чоң программадагы салтанат уюштурулганы турат.

Кече кыргыз тилинин улуулугун даңазалаган көркөм ыр сапатары, обондуу ырлар, кыргыз бийлери менен коштолот. Ошондой эле университетте билим алып жатышкан башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде ыр ырдап, бийлешет.

Учурда майрамдык иш чарага карата кызуу даярдыктар жүрүп, университеттин бардык факультет, колледж, лицейлеринин, мамлекеттик тил кафедрасынын көргөзмөлөрү коюлган.

7208 17:18 22-09-2016

                 

Новости

|< >|