Новости

"Каратегинден кат" тасмасы Ош шаарындагы кино сүйүүчүлөргө тартууланды

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин концерттик залында 21-сентябрь күнү эл аралык деңгээлдеги журналист, фотограф, документалист Жаныл Жусупжандын "Каратегинден кат" толук метраждуу даректүү тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды.

Ага Ош шаарындагы коомчулуктун, маданият тармагынын өкүлдөрү, кино сүйүүчүлөр, ОшМУнун окутуучулары, студенттери катышышты.

Даректүү тасмада Тажикстандын Каратегин аймагындагы этникалык кыргыздардын турмушу, алардын жашоосуна жарандык согуштун тийгизген кесепети, жоготуулары, ага карабастан жакшылык үмүттөрү, алга умтулуулары, тарыхый-маданий мурастарын, кылымдык каада-салтын сактоого аракеттери баяндалат.

“Каратегинден кат” документалдуу тасмасы коюлуп бүткөндөн кийин Жаңыл Жусупжан жана франциялык продюсер Кристиан Лелон көрүүчүлөрдүн бир катар кызыктырган суроолоруна жооп берди. Жаңыл Жусупжан бул тасма уулуна жазган каты аркылуу баяндалгандыгын айтса, продюсер Кристиан Лелон тартылган ар бир тасманын өз жеринде көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынышынан өткөн сыймык жок экендигин билдирди. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Идирис Кенжаев жалпы жамааттын атынан тасманын авторлоруна ыраазычылык билдирди жана келечекте көптөгөн ийгиликтерди алып келген тасмалардан болуусун каалады.

Белгилей кетсек режиссер Жаңыл Жусупжан “Каратегинден кат” документалуу тасмасын Тажик өкмөтүнүн расмий уруксаты менен 4 жылдын аралыгында тарткан. Ал буга чейин “Улуу памир” аталган Түркиядагы кыргыздар тууралуу да даректүү тасмасын жараткан. Тажикстандык кыргыздар тууралуу алгачкы толук метраждуу тасма 2016-жылы жарык көргөн, узундугу 103 мүнөттү түзөт.

6160 14:33 22-09-2016

                 

Новости

|< >|