Новости

Адаптациялык-багыттоочу семинарлар студенттик турмушка багыт берет

ОшМУнун Окуу-маалымат департаменти демилгелеген 1-курстун студенттеринин университеттик турмушка жеңил адаптация болушуна багытталган семинар-жолугушуулар атайын түзүлгөн графикке ылайык өткөрүлүүдө.

Семинар-жолугушуулар 13-сентябрь күнү математика жана информациялык технологиялар, чет тилдер, искусство, Кыргыз-Кытай факультетинин 1-курсунун студенттерине, 14-сентябрда кыргыз филологиясы жана журналистика, орус филологиясы, эл аралык мамилелер факультеттеринде, 15-сентябрда тарых, юридика, 16-сентябрда бизнес жана менеджмент, финансы-юридика колледждеринде жана 17-сентябрда медициналык колледжинде, 19-сентябрда медицина, теология, табият таануу жана география факультеттерине, 20-сентябрда педагогика жана дене тарбия факультеттеринде уюштурулду.

Аталган семинарга ОшМУнун структураларынын жетекчилери, Окуу-маалымат департаменти, илимий китепкана, эл аралык байланыштар бөлүмү, жаштар комитети, студенттик акыйкатчысы катышып, студенттерге ОшМУнун миссиясы, AVN маалыматтык системасынын, эл аралык байланыштарынын мүмкүнчүлүктөрү, илимий китепканадан пайдалануунун эрежелери, электрондук китептер, университеттин спорттук клубдары, жаштар комитетинин ишмердиги боюнча презентацияларды жасашып, маалымат беришти.

Семинарга катышкан студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Өзгөчө студенттерди университеттин эл аралык байланыштары, кайсы чет өлкөлүк окуу жайларга, канчанчы жылдан, кантип, канча мөөнөткө окуп келүүгө боло тургандыгы боюнча суроолор кызыктырды. Бул боюнча маалымат берген Эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүнүн адиси Нуржамал Шеранова учурда ОшМУ менен дүйнөнүн 26 өлкөсүнүн 100дөн ашуун университеттеринин ортосунда өз ара келишимдер түзүлгөнүн, Испания, Германия, Кытай, Америка, Россия, Корея, Эстония, Турция, Казакстан, Япония жана башка өлкөлөргө окутуучулар, студенттер билим, тажрыйба алып келип жаткандыктарын, ушул эле өлкөлөрдөн биздин окуу жайда магистрант, студенттер да келип билим алып жаткандыктарын кошумчалады. Мындай мүмкүнчүлүк баарында бар экендигин айтып, ал үчүн ар бир студент бүгүндөн баштап тил үйрөнүп, мыкты билим алуулары керектигин кошумчалады.

Семинардын жыйынтыгында 1-курстун студенттери кызыккан бардык суроолорго жооптор камтылган «1-курстар үчүн маалыматтык китепче» ар бир студентке таркатылып берилди.

Белгилей кетсек, 1-курстун студенттеринин университеттик турмушка жеңил адаптация болушуна багытталган семинар-жолугушуулар Окуу-маалымат департаменти тарабынан демилгеленип, быйылкы жылы алгачкы жолу уюштурулууда.

6522 11:05 20-09-2016

                 

Новости

|< >|