Новости

«Мекендештер – 2016» форумун уюшкандыкта өткөргөн ОшМУга Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каты тапшырылды

Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.

Анда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү бирдиктүү өнүктүрүү максатында түштүк жергесинде өткөрүлүп жаткан ар кандай эл аралык иш чараларда жана алардын ичинде “Мекендештер 2016” форумун уюштурууда ийгиликтүү жана тыгыз иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык каты менен сыйланат деп жазылган. Ошондой эле ыраазычылык кат менен ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Олжобай Шаимкулов, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Эрлан Камалов, ректордун жадамчысы Акбарали уулу Өмүрбек, Жаштар комитетинин төрагасы Маткалыкав Азиретали да сыйланышты.

Белгилей кетсек, 1-2-август күндөрү “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Ош мамлекеттик университетинин базасында уюштурулган «Мекендештер – 2016» III форумуна дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн мекендештерибиз, диаспора бирикмелеринин өкүлдөрү, бизнес-бирикмелеринен, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жана миграция боюнча эл аралык жана улуттук эксперттерден турган 500 дөй катышуучу катышкан.

7305 13:57 19-09-2016

                 

Новости

|< >|