Новости

Эл аралык интеллектуалдардын форуму жыйынтыкталып, Ош манифести кабыл алынды

Ош мамлекеттик университетинде 2 күнгө созулган эл аралык интеллектуалдардын «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» аттуу форумдун иши аягына чыкты.

Россия, Турция, Кытай, Япония, Франция, Түштүк Корея, Казахстан, Өзбекистан, Азербайжан, Улуу Британия, Кыргызстан сыяктуу 10дон ашуун мамлекеттердин белгилүү окумуштуулары, маданият, адабият, кино ишмерлери, философтор, саясатчылар, теологдор, журналисттер, тарыхчылар катышкан жыйындын соңунда сунуш-пикирлердин негизинде Ош манифести кабыл алынды.

Ош манифести тууралуу форумдун катышуучулары атайын маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин берген суроолоруна жооп беришти. Анда он-лайн иш чараларды өткөрүү үчүн «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу» аттуу интернет платформа түзүү, Улуу Жибек Жолундагы өлкөлөрдүн маданияттарынын байланыштарын чыңдоо (адабият, искусство, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын жолугушуулары, медифорумдар, көргөзмө ж.б. ), тиешелүү өлкөлөрдүн Элдик Ассамблеяларынын алдында «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу» аттуу интеллектуалдык клубдарды түзүү, интеллектуалдык форумдун маани-мазмунун кеңири жайылтуу максатында ММКда атайын рубрика, көрсөтүүлөрдү көбөйтүү, элдин жан дүйнө иммунитетин көтөрүү, инстинктин ойготууга багытталган иш чараларды өткөрүү, толеранттуулукка тарбиялоо максатында Улуу Жибек Жолунда жайгашкан мамлекеттердин жаштарынын ортосунда байланыштарды чыңдап, университеттер ортосунда окутуучулардын, студенттердин, изилдөөчүлөрдүн ортосунда академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү, «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» интеллектуалдардын эл аралык форумунун материалдарын топтомун басмадан чыгаруу, гуманитардык жана маданий байланыштарды чыңдоо максатында «Улуу Жибек Жолунда» жайгашкан өлкөлөрдөгү диаспоралардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу сыяктуу идеялар камтылды. Ошондой эле «Бул алгачкы иш аракеттер, алгач идея жаралып, бара-бара иш жүзүнө ашат, биз бүгүн жаштардын жүрөгүнө алгачкы үрөөндү септик, анын өнүп чыгып, мөмө беришине ишеничибиз чоң», -деди Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев.

8045 16:39 16-09-2016

                 

Новости

|< >|