Новости

Эл аралык интеллектуалдардын форуму ийгиликтүү уланууда

Ош мамлекеттик университетинде Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан эл аралык интеллектуалдардын «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» аттуу форуму бүгүн 15-сентябрда старт алган.

Күндүн экинчи бөлүгүндөгү «Маданият – элдердин руханий жакындашуусу» аттуу пленардык жыйында музыка таануучу, искусство таануу боюнча кандидат Александр Джумаев, Корея Республикасынын белгилүү сүрөтчүсү Пак Сон Ёнг, Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, КССРдин эл артисти, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев, дүйнөлүк социологдор коомунун мүчөсү, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Наталья Янковскаялар дүйнө элдердин маданиятынын бири-бирине болгон жакындашуусу, байланышы тууралуу идеяларын ортого салышса, «Өз ара түшүнүү – маданияттар диалогу» темасында Түрк тилдүү элдердин ассоциациясынын президенти Мустафа Башкурт, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, КРнын УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимов жана башка бир топ дүйнөлүк интеллектуалдар ойлорун айтып, көптөгөн суроолордун айланасында пикирлерин билдиришти.

8599 19:29 15-09-2016

                 

Новости

|< >|