Новости

Эл аралык форумдун алкагында Түштүк Кореялык белгилүү сүрөтчүнүн сүрөт көргөзмөсү тартууланды

Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп жаткан «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» интеллектуалдардын Эл аралык Форумунун алкагында Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде Түштүк Корея Республикасынын белгилүү сүрөтчүсү Пак Сон Ёнгдун сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанатка форумга келген бардык коноктор катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алгачкы ирет Ош шаарында тартууланып жаткан белгилүү сүрөтчүнүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүп, алардын жашынган таланттарынын ачылышына кам көрүп келе жаткандыгы белгиленди.

Сүрөтчүнүн эмгектери менен биргеликте Түштүк Кореядагы Интеллектуалдык өнүктүрүү фонду тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдардын да эмгектери көргөзмөдө камтылды.

Ошондой эле форумдун алкагында Улуу Жибек Жолу боюнча эмгектерин алып келип, искусство сүйүүчүлөрүнүн назарына коюп жаткан КР Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев устаты Т.Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде эмгектеринин көрсөтүлүп жаткандыгына сыймыктанып тургандыгын билдирди.

8253 18:41 15-09-2016

                 

Новости

|< >|