Новости

ОшМУда эл аралык интеллектуалдардын «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» аттуу форуму башталды

Бүгүн, 15-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп жаткан эл аралык интеллектуалдардын «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу: Биримдик жана Жаратмандык» аттуу форуму башталды.

Форумга Россия, Турция, Кытай, Япония, Франция, Түштүк Корея, Казахстан, Өзбекистан, Азербайжан, Улуу Британия, Кыргызстан сыяктуу 10дон ашуун мамлекеттердин белгилүү окумуштуулары, маданият, адабият, кино ишмерлери, философтор, саясатчылар, теологдор, журналисттер, тарыхчылар катышып жатышат. Форумдун биринчи күнүн белгилүү төкмө акын Идирис Айтибаев бир нече тилде достук, ынтымак темалары камтылган куттуктоо ыры жана ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раевдин куттуктоо сөздөрү менен башталды.

“Азыркы замандагы маданияттын ролу” аталышындагы пленардык жыйын КРнын УИАнын президенти, академик Абдыганы Эркебаевдин модераторлугунда «Улуу Жибек Жолундагы баарлашуу» аттуу эл аралык долбоордун жетекчиси, коомдук ишмер, маданият таануучу Мурат Ауэзов, Эл аралык чыгармачыл ойлоо бирикмесинин президенти Девид Пери, акын, РФнын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, классикалык перс поэзиясынын котормочусу Михаил Синельников, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Мелис Абакировдор ой бөлүштү.

Күндүн экинчи бөлүгүндө «Маданият – элдердин руханий жакындашуусу» аттуу пленардык жыйында музыка таануучу, искусство таануу боюнча кандидат Александр Джумаев, Корея Республикасынын белгилүү сүрөтчүсү Пак Сон Ёнг, Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, КССРдин эл артисти, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев, дүйнөлүк социологдор коомунун мүчөсү, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Наталья Янковскаялар дүйнө элдердин маданиятынын бири-бирине болгон жакындашуусу, байланышы тууралуу идеяларын ортого салышмакчы.

Белгилей кетсек, форум 15-16-сентябрь күндөрү Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлөт. Форумдун башкы максаты – эл аралык маданий мейкиндикти кеңейтүү, маданий диалогду күчөтүү, азыркы доордогу маданияттын ордун жана милдетин даңазалоо болуп саналат.

Форумдун уюштуруучусу Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү мамлекеттик дирекциясы, Ош мамлекеттик университети, Мухтар Ауэзов атындагы коомдук фонду ( Казакстан) жана башка уюмдар.

8890 12:12 15-09-2016

                 

Новости

|< >|