20016-2017-окуу жылында Мевлана программасы боюнча Түркиянын университеттерине аттанып турушкан окутуучу, магистрант, студенттер менен ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жолугушуп, сапарлары байсалдуу болуусун каалап, учурда тил билип, аракет кылган окутуучу, студенттер үчүн чет өлкөлүк университеттерден билим алуу мүмкүнчүлүктөрү кеңири экендигин белгиледи. Ошондой эле барган окуу жайдын жакшы жактарын үйрөнүп, салыштырып, жалпы дүйнөлүк билим берүүдөгү интеграцияга аралашып, ОшМУдан келген студент катары өздөрүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп, терең билим, тажрыйба алып келүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, Мевлана программасы эки окуу жайдын ортосунда өз ара достук мамилени орнотуу, студенттердин, окутуучулардын илимпозордун академиялык тажрыйба алмашуусуна өбөлгө болуучу программа болуп саналат. Учурда ОшМУ Мевлана программасы боюнча Түркиянын 40тан ашуун университеттери менен келишимдерге кол коюп, кызматташып келет.