Новости

ОшМУнун базасында дүйнөлүк интеллектуалдар форуму өтөт

15-сентябрдан 17-сентябрга чейин байыркы Ош шаарында Тарых жана маданият жылына карата Эл аралык интеллектуалдардын «Жибек Жолундагы сукбат» аттуу форуму өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы билдирди.

Форумдун иш-чарасы Ош мамлекеттик университетинин базасында жүрөт. Миңдеген жыл тарыхы бар байыркы Ош Улуу Жибек жолунун негизги артериясы катары көптөгөн доорлорду, цивилизацияларды көргөн, тогуз жолдун тоомундагы шаар. Байыркы шаардагы эл аралык интеллектуалдардын форумуна Россия, Улуу Британия, Кытай, Корея, Түркия, Азербайжан, Борбор Азия сыяктуу 10дон ашуун мамлекеттердин белгилүү окумуштуулары, маданият, адабият, кино ишмерлери, философтор, саясатчылар, теологдор, журналисттер, тарыхчылар катышат. Форумдун башкы максаты – эл аралык маданий мейкиндикти кеңейтүү, маданий диалогду күчөтүү, азыркы доордогу маданияттын орду жана милдети.

Форумдун алкагында «Маданият – элдердин руханий жакындашуусу», «Өз ара түшүнүү – маданияттар диалогу», «Борбордук Азия: аймактык тилектештик», «Улуу Жибек Жолу: экономикалык алкак жана ынтымакта жашоо идеясы» аттуу секциялар иш алып барат.

Форумда белгилүү культролог Мурат Ауэзов ( Казакстан) , Бүткүл дүйнөлүк креативдүү идеялар гильдасынын президенти Дэвид Пэрри ( Улуу Британия), атактуу акын Михаил Синельников ( Россия), Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Умур (Түркия), «Дружба народов» журналынын баш редактору Александр Эбаноидзе, атактуу сүрөтчү Пак Сони ( Түштүк Корея) чыгыш адабият таануучу Сафор Абдулло ( Тажикстан), музыковед Александр Жумаев ( Өзбекстан) акын Боронтой Бедюров (Алтай Республикасы ) академик Абдыганы Эркебаев ( Кыргызстан) атайын доклад жасашат. Форумдун уюштуруучусу Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү мамлекеттик дирекциясы, Ош мамлекеттик университети, Мухтар Ауэзов атындагы коомдук фонду ( Казакстан) жана башка уюмдар.

9124 13:11 09-09-2016

                 

Новости

|< >|