Новости

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ОшМУнун студенттери волонтер катары кызмат көрсөтүүдө

Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Бакытбекова Жылдыз, Мурзубраимова Каныкей, Икрамова Надира, Калчороева Бегимай, Смадиярова Бегимай, Стамалиева Назира, Кимсанова Ширин, Закирова Шахноза, Юсупов Заур, Турсунбаев Алишер, Мамадалиев Муродилло, Кадыров Искендер, Саипов Дилшад, Мирзаев Жавлон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде волонтер-котормочулар катары жардам көрсөтүүдө.

Алар Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарына катышып жаткан 62 мамлекеттен келген чет элдик коноктордон өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда түшкөн телефон чалууларга ыкчам жооп берүү үчүн котормочулук кызматын өтөп жатышат.

3-сентябрда башталган Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Анда 62 мамлекеттин 1000ден ашуун өкүлдөрү спорттун 23 түрүнөн таймашып жатышат.

10376 16:12 07-09-2016

                 

Новости

|< >|