5-сентябрь күнү уюштурулган “Улуттук тамак-аш” сынагында Ош мамлекеттик университетинин делегациясы жогорку даярдыктарын көрсөтүшүп, 1-орунду жеңип алышып баш байгеге ээ болушту.
Сынакка Ош мамлекеттик университетинин делегациясы ата-бабаларыбыздан урпактан-урпакка өткөн улуттук тамак-аш баалулуктарын көрсөтүп беришти. Алар атайын сүт азыгынан, ун азыгынан, эт азыгынан даярдалган тамак-аштардын түрлөрүн эски доор, ортоңку доор, жаңы доор деп бөлүп жайгаштырып, тамак-аштардын аталыштары атайын логотибдер менен белгиленип көрсөтүлдү. Ошондой эле өзгөчөлүк катары боз үйдүн сыртына атайын “Мергенчинин тамагы” коюлуп, боз үй улуттук баалуулуктар менен кооздолуп, айланасына атайын алып барылган гүлдөр тигилип кооздолгондугу көрүүчүлөр тарабынан өзгөчө бааланды.
Белгилей кетсек, “Кырчын айылы” этно шаарчасында жалпысынан 288 боз үй тигилген. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп, спорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер уюштурулууда.