Новости

ОшМУ Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында

Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Ош мамлекеттик университетинен да атайын делегация жөнөп кетишкен. Учурда Кырчын жайлоосунда ОшМУ Ош облусунун атынан 2 боз үй, Ош шаарынын атынан 2 боз үй тигип, кыргыздын баалуулуктары, кылым карыткан улуттук тамак-аш азыктары боюнча Ош шаардык мэриясынын атынан “Эң кооз боз үй” конкурсуна жана Ош облусунун атынан “Улуттук тамак-аш” конкурстарына катышып жатышат.

Белгилей кетсек, “Кырчын айылы” этно шаарчасында жалпысынан 288 боз үй тигилген. 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылы 3-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп, спорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер уюштурулууда.

9373 14:34 05-09-2016

                 

Новости

|< >|