Новости

ОшМУ студенттерди Билим күнү менен куттуктады

Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда университеттин окутуучулар жамааты, студенттеринин катышуусундагы “Билим күнүнө” карата уюштурулган жыйын болуп, ал Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталды.

ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Идирис Кенжаев университеттин босогосун алгач аттап жатышкан студенттерди, жаңы окуу жылына жаңы дем-күч, идеялар менен келген окутуучуларды Билим күнү менен куттуктаган ректор Каныбек Исаковдун кайрылуусу менен тааныштырды. Кайрылууда агай-эжекелерди, студенттерди Эгемендүүлүктүн 25 жылдык мааракеси, Билим майрамы менен куттуктап, 2015-2016-окуу жылындагы университеттин ийгиликтери боюнча маалымат берилип, жаңы окуу жылына карата алдыга коюлган максаттар камтылган. Анда “Келе жаткан окуу жылында окуу процессинде төмөндөгүдөй жумуштарды жасайбыз:

 AVN информациялык системасынын алкагында – электрондук документ алмашуу жүргүзүүнү (EDOC) киргизебиз.

 Академиялык справкаларды, AVN информациялык системасы аркылуу жасоо практикасын киргизип, электрондук базасын түзөбүз.

 AVN информациялык системасы аркылуу студенттердин ата-энелерине мезгилдүү СМС – билдирүүлөрдү жиберебиз.

 Ар бир семестрдин аягында окутуучулардын рейтингин аныктайбыз (окуткан студенттеринен AVN аркылуу он-лайн анкета алуу менен).

 Сабактардын электрондук жадыбалын толук кандуу ишке киргизебиз.  Сентябрдын биринчи жумасында 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн “адаптациялык-таанышуу” семинарларын уюштурабыз.

 Студенттердин сабактарга катышуусун электрондук текшерүүнү жолго салабыз.  Окутуунун кредиттик системасынын шартында офис-регистратордун (тьютор, программа жетекчиси, эдвайзер) кызматтык милдеттерин толук пайдаланууну ишке ашыруу максатында пилоттук факультеттерди аныктайбыз.

 Волонтер (ыктыярчы) студенттердин группаларын түзүп, окуу процессин уюштурууга пайдаланабыз.

 Ички жана тышкы Академиялык мобилдүүлүктү жандандырабыз.

 DATACENTERди – (мультиплексор, интернет, телефония, видеобайкоо, видеоконференция, телевидение, турникет, терминальный киоск) уюштурабыз.

 Бардык багыттарды (адистиктерди) көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдайбыз.

 Илимий иштердин мазмуну, формасы, жаңы талаптарга ылайык өзгөрөт.  Дистанттык билим берүү өркүндөтүлөт.

 Тарбиялык иштерде улуттук дөөлөттөрдө тарбиялоону күчөтөбүз.  Эл аралык байланыштарыбыз өркүндөтүлөт.

 Магистратураны өнүктүрөбүз.

 Жакынкы күндөрдө кинооператорлорду, кино режиссерлорду тарбиялоочу Кино Академиясын ачабыз.

 Компьютердик программаларды иштеп чыгуучу IT Академиясын ачабыз.

 Ломоносов атындагы МГУнун филиалын ачууга аракеттенебиз.

Урматтуу кесиптештер жана студент достор!

Университетибиздин коомдогу аброю үчүн, тынымсыз өсүп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн баарыбыз жапа тырмак аракеттенели. Университетибизде тазалык камсыз болушу керек. Ар бир окутуучу мамиле маданиятынын жогорку деңгээлин көрсөтүүгө тийиш. Мен баарыңыздарды бүгүнкү Билим майрамыңыздар менен, Көз карандысыздыктын 25 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктаймын, элибизде ынтымак-ырашкерлик, университетибизде өсүп-өнүгүү болсун”,-деп айтылат.

Жыйындын жүрүшүндө сөзгө чыккан ардагер окутуучулар, факультеттин декандары студенттерди татыктуу билим алуу менен Ата Мекенибизге кызмат кылган, эли-журттун керегине жараган инсандардан болуусуна тилектеш экендиктерин айтты.

Ошондой эле алдыңкы студенттердин атынан Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти, студенттик “Нур” гезитинин редакторунун орун басары Бектемир уулу Дүйшөн студент болуу бактысына ээ болуп турган жаштарды талыкпай билим алууга, келечекте мыкты, кесипкөй адис болууга чакырды.

Белгилей кетсек Билим күнүнө арналган мындай жыйындар университеттин бардык окуу корпустарында да болуп, анда ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковдун кайрылуусу окулду. Учурда бардык факультет, колледж, лицейлерде окуу процесси башталды.

9471 10:30 01-09-2016

                 

Новости

|< >|