Новости

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун 2016-2017-окуу жылына карата ОшМУнун окутуучу-профессордук курамына, студенттик жамаатына КАЙРЫЛУУСУ

Кадырлуу агай-эжейлер!

Сүйүктүү студент достор!

Быйылкы жаңы окуу жылынын башталышы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдык маарекеси менен дал келип олтурат.

Кыргыз элибиз кылымдар бою тынымсыз азаттык үчүн күрөшүп өзүнүн көз карандысыздыгына жетишти.

Ата-бабаларыбыз канчалаган кылымдардан бери эркиндик үчүн күрөшүп өмүрлөрүнөн ажырашты. Бул боштондук үчүн улуу салттуу күрөштү токтотпой элибиз муундан-муунга татыктуу өткөрүп келишти. Көз карандысыздык үчүн күрөштөрдүн жыйындысы акырында элибизге эгемендүүлүк алып келди.

Көз карандысыз болгондон бери ошол эгемендүүлүктүн пайдубалын түптөөдө түрдүү тарыхый оош-кыйыштарды өз башыбыздан өткөрдүк. Эркиндиктин улуу жолунда канчалаган өмүрлөр кыйылды. Эркиндиктин, көз карандысыздыктын, азаттыктын жүгү оор болот. 25 жыл аралыгында Кыргызстаныбыз кээде артка, кээде алдыга кетти. Кээ бир учурларда туңгуюкка барып капталган учурларыбыз болду. Бирок чайпалсак да, төгүлбөдүк, чарпылсак да бөлүнбөдүк.

Тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүндө элибиздин сергек акыл-эси, тажрыйбасы, өткөндөн алган улуу сабагы, тарыхый эс тутуму бизди бараткан жолубуздан адаштырбай кыйын кырдаалдардан туура жол таап чыкканга өбөлгө түздү.

Турмушубуз очорулуп, буга чейинки байланыштар, чынжырлар үзүлүп, экономикалык шал абалга (паралич) келген күндөрүбүз болду. Аргасыздыктан акырындап реанимациялык (жандандыруу) абалга өттүк. Бара-бара телчигип, өз киндигибизди өзүбүз кесип, Кудайга шүгүр, эс акылыбызды жыйып, өнүгүү (развития) абалына да өтүп баратабыз. Жаман дей берсек бизге эч ким бизге жакшы мамлекетин бербейт. Жакшы, бакубат мамлекетти өзүбүз гана курушубуз керек.

Ар бирибиз конкреттүү түрдө Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салымыбызды кошконубузда гана өлкөбүздө өнүгүү, өсүү камсыз болот.

Эгемендүүлүктүн эйфориясында жүргөндө популисттер менен демогогдорго, трайбалисттер менен коррупционерлерге утурумдук алданган күндөрүбүз болду. Эми популисттердин, коррупционерлердин акырындап күнү бүтүп бараткандыгын баарыбыз көрүп жатабыз. Жаңы мезгилге шайкеш келген, күчтүү, билимдүү, таза, жаңы муун өсүп чыгып келе жатат.

25 жашка кирген адам эмоциядан - акыл-эске, кыялдануудан- реалдуулукка, романтизмден-прагматизмге оой баштайт.

Себеби эгемендүүлүктүн 25 жылдык сабагы, өрнөгү- биздин келечегибизге жол ачат. Эң башкысы ушул аралыкта биз улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү, нарк- насилибизди кайтарып алдык. Руханий иммунитетибиз, улуттук өзүн-өзү сактоо инстинктибиз өнүктү.

Региондук, глобалдык кыйынчылыктарга, күтүүсүз тобокелчиликтерге даяр болуп, түрдүү кырдаалдардан улуттук акыл-эс, туюмубуз менен чыгууга биздин кудуретибиз жетип калды деп ойлойм. Өткөн окуу жылы университетибиз үчүн ийгиликтүү жылдардан болду деп айтсам болот.

Сентябрь айында ОшМУ Кыргыз Өкмөтүнүн Сапат сыйлыгына ээ болду. Октябрь айында финансы-юридикалык колледжинин 3-кабатын куруп ишке бердик. Ноябрь айында Өзгөн медициналык колледжинин жаңы имаратын пайдаланууга бердик. Конфуций институтунун окуу имаратын, жатаканасын куруу боюнча Кытайдан 800 000 долларлык инвестиция алдык.

Март айында Медицина факультети үчүн окуу-лабораториялык корпус, Эл аралык медицина факультети үчүн жаңы окуу корпусун бүткөрүп, ишке бердик. Бул ачылышка Жогорку Кеңештин 17 депутаты катышты.

ОшМУда ачык асман алдында 5 спорттук-тренажердук аянттар ачылды. 100 миң долларлык инвеситиция тартылды.

Май айында Кыргызстандагы 7 университеттин ички мобилдүүлүгүн камсыз кылуучу “Ош декларациясы” кабыл алынды.

ОшМУнун “Enactus” камандасы Кыргызстандын улуттук чемпиону болду. Улуу Жибек жолуна арналган эл аралык конференция, этнологдор менен антропологдордун эл аралык симпозиумдары болуп өттү. Чет өлкөлөрдөн ондогон илимпоздор келишти.

1-2-август күндөрү ОшМУда “Мекендештер-2016” форуму болуп ага дүйнөнүн 27 өлкөсүндө жашап жаткан 300дөн ашуун мекендештерибиз келди. ОшМУ Кыргызстандын ичинде эле эмес дүйнөнүн төрт бурчунда жүргөн мекендештерибизге өнүгүп жаткан университет катары таанылды.

Биздин окутуучуларыбыз, студенттерибиз Кытайдын, Туркиянын, Европанын, Казакстандын, Россиянын университеттерине мобилдүүлүк программасы боюнча барып келишти.

Июль айынын башында ОшМУнун ректорун шайлоо болуп өттү жана бул шайлоо бүткүл республикага ОшМУ ынтымактуу, бирдиктүү, өсүп-өнүгүү жолунда экендигин ачык-айкын көрсөттү.

Мен бардык шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен Сиздердин ишенимиңиздерди толук актоо үчүн жана жамааттын кызыкчылыгы үчүн таза, адилеттүү иштеп, ар бир окутуучуга, студентке калыс, сый-урмат менен мамиле кылганга, ар кандай маселелерде университеттин кызыкчылыгын башкы орунга коюп чечкенге аракеттенемин. Ошондой эле баарыңыздарды университеттин, Кыргызстандын кызыкчылыгын башкы орунга коюп иштөөгө чакырамын.

14-16-сентябрь күндөрү ОшМУда “Улуу Жибек Жолундагы интеллектуалдардын баарлашуусу” - аттуу чоң форум болот. Ага 20дан ашуун өлкөлөрдөн дүйнөлүк деңгээлдеги интеллектуалдар, жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр, саясатчылар, драматургдар, философтор, маданият тармагындагы чыгармачыл инсандар келишет. Ноябрь айында Кыргыз-Кытай факультетинин жаңы окуу корпусунун, жатаканасынын ачылышы болот.

Келе жаткан окуу жылында окуу процессинде төмөндөгүдөй жумуштарды жасайбыз:

 AVN информациялык системасынын алкагында – электрондук документ алмашуу жүргүзүүнү (EDOC) киргизебиз.

 Академиялык справкаларды, AVN информациялык системасы аркылуу жасоо практикасын киргизип, электрондук базасын түзөбүз.

 AVN информациялык системасы аркылуу Студенттердин ата-энелерине мезгилдүү СМС – билдирүүлөрдү жиберебиз.

 Ар бир семестрдин аягында окутуучулардын рейтингин аныктайбыз (окуткан студенттеринен AVN аркылуу он-лайн анкета алуу менен);

 Сабактардын электрондук жадыбалын толук кандуу ишке киргизебиз.  Сентябрдын биринчи жумасында 1-курска кабыл алынган студенттер үчүн “адаптациялык-таанышуу” семинарларын уюштурабыз.

 Студенттердин сабактарга катышуусун электрондук текшерүүнү жолго салабыз.

 Окутуунун кредиттик системасынын шартында офис-регистратордун (тьютор, программа жетекчиси, эдвайзер) кызматтык милдеттерин толук пайдаланууну ишке ашыруу максатында пилоттук факультеттерди аныктайбыз.

 Волонтер (ыктыярчы) студенттердин группаларын түзүп, окуу процессин уюштурууга пайдаланабыз.

 Ички жана тышкы Академиялык мобилдүүлүктү жандандырабыз.

 DATACENTERди – (мультиплексор, интернет, телефония, видеобайкоо, видеоконференция, телевидение, турникет, терминальный киоск) уюштурабыз.

 Бардык багыттарды (адистиктерди) көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүгө даярдайбыз.

 Илимий иштердин мазмуну, формасы, жаңы талаптарга ылайык өзгөрөт.  Дистанттык билим берүү өркүндөтүлөт.

 Тарбиялык иштерде улуттук дөөлөттөрдө тарбиялоону күчөтөбүз.  Эл аралык байланыштарыбыз өркүндөтүлөт.

 Магистратураны өнүктүрөбүз.

 Жакынкы күндөрдө кинооператорлорду, кино режиссерлорду тарбиялоочу Кино Академиясын ачабыз.

 Компьютердик программаларды иштеп чыгуучу IT Академиясын ачабыз.

 Ломоносов атындагы МГУнун филиалын ачууга аракеттенебиз.

Урматтуу кесиптештер жана студент достор!

Университетибиздин коомдогу аброю үчүн, тынымсыз өсүп-өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн баарыбыз жапа тырмак аракеттенели. Университетибизде тазалык камсыз болушу керек. Ар бир окутуучу мамиле маданиятынын жогорку деңгээлин көрсөтүүгө тийиш. Мен баарыңыздарды бүгүнкү Билим майрамыңыздар менен, Көз карандысыздыктын 25 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктаймын, элибизде ынтымак-ырашкерлик, университетибизде өсүп-өнүгүү болсун.

Урматтоо менен,

Каныбек ИСАКОВ,

ОшМУнун ректору, филология илимдеринин доктору,профессор

12548 11:26 30-08-2016

                 

Новости

|< >|