Новости

ОшМУда “Улуу Жибек Жолундагы Интеллектуалдардын баарлашуусу” аталышындагы интеллектуалдардын эл аралык форуму болуп өтөт

14-16-сентябрь күндөрү ОшМУнун базасында “Улуу Жибек Жолундагы Интеллектуалдардын баарлашуусу” аталышындагы интеллектуалдардын эл аралык форуму болуп өтөт. Бул багытта 27-август күнү Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын төрагасы Султан Раев баштаган делегация Ош мамлекеттик университетине келип даярдык иштери менен таанышты.

20дан ашуун өлкөлөрдөн дүйнөлүк деңгээлдеги интеллектуалдар, жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр, саясатчылар, драматургдар, философтор, маданият тармагындагы чыгармачыл инсандардын келип катышуусу күтүлүп жаткан форумдун жүрүшү 3 күнгө созулуп, анда дүйнөлүк интеллектуалдардын кызыктуу баарлашуулары, маданий программалардын менен коштолуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-2-август күндөрү чет элдеги кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер Форуму” да Ош мамлекеттик университетинин базасында болуп анда жамаат уюшкандыкты көрсөтүп беришкен.

11122 13:52 29-08-2016

                 

Новости

|< >|