Новости

Профессор Байыш Арапов Европалатанын диплому, алтын медалы менен сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн илимдин өнүгүшүнө арнаган физика-математика илимдеринин доктору, “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер”, “Россия табият таануу академиясынын билимине жана илимине эмгек сиңирген ишмер”, профессор Арапов Байыш Арапович Европалатанын чечиминин негизинде диплом, алтын медаль жана Европалатанын күбөлүгү менен 2016-жылдын 20-августунда Москва шаарында сыйланды.

Европалатанын жогорку сыйлыгы Байыш Араповичке катуу заттардын физикасы боюнча илимий изилдөө иштеринде кошкон өзгөчө салымы үчүн берилди. Сыйлык ээси Байыш Араповичти ОшМУнун жалпы жамааты куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Байыш Арапович Кыргызстанда катуу телолордун физикасын изилдеген илим мектебин түздү жана өзүнүн багыты боюнча миңдеген жаштарды тарбиялап өстүрдү. Бүгүнкү күндө агай докторлук жана кандидаттык диссертациялык эки Адистештирилген Кеңештин төрагасы болуп эсептелинет. Илимий иштеринин жыйынтыгы катары 5 автордук күбөлүккө, 3 патентке, 7 монографияга, 230 дан ашуун илимий макалаларга ээ. Агай илимпоз жетекчи катары 3 илимдин докторун, 6 илимдин кандидаттарын өстүрдү, илимий иштерин жактатты.

14181 12:57 27-08-2016

                 

Новости

|< >|