Новости

Мекендештер -2016 Форуму ОшМУда

“Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык коомдук фонду тарабынан эки жылда бир уюштурулуп, аз убакытта өз ордун таап, резонанс жарата алган “Мекендештер -2016” Форуму быйыл үчүнчү ирет 1-2-август күндөрү Ош шаарында Ош мамлекеттик университетинин базасында өзгөчө шаң, масштаб менен өттү. Форумга дүйнөнүн чар тарабында убактылуу жашап жана иштеп жаткан, башкысы Кыргызстандын тагдырына/келечегине кайдыгер карабаган мекендештерибиз келип катышты.

“Мекендештер-2016” Форумунун негизги максаты – чет жердеги мекендештерибиз менен өкмөт мүчөлөрүнүн пикир алмашуусун камсыздап, аларды ойлондурган, кабатыр кылып чечилбей келе жаткан маселелердин чечүүсүнө көмөк көрсөтүү болчу. Форумдун демилгечиси Роза Отунбаеванын кайрылуусунда белгиленгендей, бул масштабдуу иш-чара инвестициялык жагдайды жакшыртууга, өзгөчө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү аркылуу аймактардын экономикасына атамекендик жана чет өлкөлүк инвестициялардын келишин стимулдаштырууга багытталган. Ушул өңүттөн алганда, Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан платформа болуп калды.

Албетте, аталган максаттарды ишке ашыруу үчүн эң ириде чечим кабыл алуучу тараптардын катышуусу зарыл экендиги белгилүү, ошондуктан Форумдун ишинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Г. Кудайбердиеванын, экономика министри А.Кожошевдин, билим берүү министри Э.Сариеванын ж.б. өкмөт мүчөлөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусу, алардын панелдик дискуссияларда чыгып сүйлөөсү, алып баруучу болуусу, мекендештерибиздин кээ учурда курч мүнөздөгү суроолоруна жооп берүүсү форумдун салмагын арттырып, анын чынында эле пикир алмашуу аянтчага айлангандыгын көрсөттү.

Ош университетинин базасында жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын диаспоралык бирикмелери, КР Президентинин Аппаратынын, Өкмөттүн, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, элчилер жана дипломатиялык миссиялардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана КРнын ири ишканаларынын башчылары, эксперттер жана талдоочулар, алдыңкы ЖМКлардын жана Баткен, Жалал-Абад, Ош областтарынын бизнес-жамаатынынөкүлдөрү бир аянтчада жолугушту.

Форумду өткөрүү жоопкерчилигин тең бөлүшүп, башыдан аягына чейин тик туруп, уюштуруу иштеринде негизги өнөктөш болгон Ош университети, бул иш чараны бийик деңгээлде өткөрүү менен, өз потенциалын дагы бир жолу татыктуу көрсөтө алды. Универститет бул жагдайда аймактык деңгээлден көтөрүлүп республикалык масштабдагы ири окуу-маданий борбору экендигин дагы бир ирет далилдеди.

Ош мамлекеттик универститетинин ректору К. Исаков форумдун ачылыш аземинде белгилегендей, жүрөгү Кыргызстан деп согуп, күнү-түнү Ата-Журтубуздун бейпилдигин, өнүгүүсүн тилеп, туулган жердин топурагы көзүнөн учуп, киндик каны тамган жеринин абасын, көк мелжиген ак мөңгүлүү тоолорун, жап жашыл жайлоолорун, мөлтүрөп аккан сууларын, коюндашып өскөн бир туугандарын, моюндашып өскөн теңтуштарын, ата-энесин, айылын сагынып, дүйнөнүн төрт тарабынан Ыйык Ата-Журтубузга кусалыгын, арзуусун артынып, эңсеп келген бир боор мекендештер үчүн бул форум өзгөчө экендиги анык.

“Мекендештер” форуму Ош шаарында өтүшү өзгөчө символикалуу, анткени башынан кечирген кырдаалдардан кийин элибиз ынтымакта баш кошуп, ар бир жаран ички руханий күч таап өсүп өнүгүүгө, биримдикке багыт алгандыгын көрсөтүү биз үчүн маанилүү болчу. Форумга келген мекендештерибиз эки күн бою улуттук маданиятыбызды, меймандостугубузду, элибиздин жаркын пейлин, берекелүү Түштүктүн көп түрдүү палитрасын көрүп, көңүлү толуп кетет деген ниетибиз ишке ашты деп айтсак жаңылышпайбыз.

Форум күндөрү ОшМУнун башкы имаратында улуттук ашкана, аймактык кол өнөрчүлөрдүн, университеттин дизайнер, сүрөтчүлөрүнүн эмгегинен жаралган буюм-тайымдар, түштүк аймагынын бренди болгон Өзгөн күрүчү, Баткен өрүгү, Базар-Коргон мистеси, Кара-Кулжанын балы сыяктуу тамак-аш продукциялары панорама болуп көрсөтүлдү.

Статистика:

- Форумга даярдануунун активдүү фазасы алты айды түздү;

- Форумдун жумушун үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 60 ыктыярчы (волонтер) даярдалып, иштешти;

- Форумга 24 өлкөдөн, 500дөн ашуун адам катышты;

Ошол эле учурда белгилей турган нерсе, өлкөдө чет жердеги мекендештерибиз менен иштөөнү максаттап, анын механизм, инструменттерин иштеп чыгып колдонгон узак мөөнөттүү программа жок. Бул компонент Кыргыз Республикасынын 2017-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясына кирген эмес. Диаспора менен иштөө көптөгөн мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн, алардын натыйжалуулугу солгун.

- “Мекендештер - 2016” Форуму өз ишин аяктап жатып төмөндөгүдөй сунуштамаларды кабыл алды:

1. Кыргыз диаспораларынын маселелерин 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү улуттук стратегиясына киргизүү;

2. Өнүктүрүүнүн элементи, катализатору катары диаспора маселелерин 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегияларына киргизүү;

3. 2019-жылга чейин КР Өкмөтүнө караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча Кеңештин ишин жолго коюу, анын стабилдүүиштешин камсыз кылуу;

4. Өлкөдө бийликтин бүткүл вертикалынын диаспора менен иштөө боюнча кадрларына туруктуу тренингдерди өткөрүү;

5. Диаспоралар менен иштөө боюнча милдеттерди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын арасындагы жооптуу ведомстволорду аныктоо;

6. Диаспоралардын жардамы менен өлкөгө инвестицияларды тартуу демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

7. Диаспораларды башын кошкон иш чараларды уюштуруу: эки жылда бир ирет Мекендештер Форуму, диаспоралар күнү, диаспоралардын бизнес-форуму;

8. Кыргызстандыктардын глобалдык он-лайн аянты катары www.mekendeshter.org, интерактивдүү интернет платформаны өнүктүрүү;

9. Туруктуу рубрикаларды жана көрсөтүүлөрдү уюштуруу менен массалык маалымат каражаттарында диаспоралар жөнүндө чагылдырууну тереңдетүү;

10. Мекендештердин волонтердук ишмердигине колдоо көрсөтүү;

11. Өлкөгө кайрымдуулук, соопчулук жасайым дегендерге колдоо көрсөтүү; 12. Инвестициянын механизмдерин түзүүгө көмөктөшүү;

13. Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын жана инвестициялык потенциалын көтөрүү багытында диаспоралардын жасаган иш-аракеттерине колдоо көсөтүү;

14. Мекендештер тарабынан туризмди жайылтуу жана уюштуруу программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

15. Кыргыз тилин үйрөнүү боюнча материалдарды жана программаларды, анын ичинде он-лайн курстарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

16. Окуу материалдарын иштеп чыгып, аларды маданий борборлорго жана диаспоралар бирикмелерине таратуу.

Жыйынтыгында Мекендештер-2016 Форуму уюшкандыкта өтүп, 24 өлкөдөн келген мекендештерибиз, диаспора бирикмелеринин өкүлдөрү өз көңүлдөрүн өйүгөн маселелер боюнча жеткиликтүү жоопторду алып кетишти. Белгилей кетчү нерсе, ар бир катышуучу Форумдун ушундай форматта иш алып барышын кубаттай тургандыктарын өз сөздөрүндө белгилеп жатышты. Албетте, көйгөйлөрдүн баары бир жолугушууда эле чечилип калышы деги мүмкүн эмес, бирок да, мындай кеңири пикир алмашуу аянтчасынын туруктуу мүнөзгө ээ болуусу, аны менен чечим кабыл алуучу мамлекеттик органдардын кызматташуусу жана эсептешүүсү маселелердин көңүл сыртында калбоосуна, бар потенциалдын колдонулаарына үмүт берет.

Расул Авазбек уулу,

ОшМУнун доценти

22826 10:46 22-08-2016

                 

Новости

|< >|