Новости

Форумдун экинчи күнү ийгиликтүү уланды

Ош мамлекеттик университетинде өтүп жаткан “Мекендештер” форумунун алкагында 1-август күнү “Экономикалык өнүгүүдөгү жаңы чакырыктар”, “Күчтүү аймактар – күчтүү өлкө”, “Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары”, “Бизнес жана инвестициялар – өз ара аракеттешүүнү кантип жолго коюу керек” деген темаларда пленардык жыйындар уюштурулуп, аталган маселелер боюнча сунуш-пикирлер айтылган.

Бүгүн, 2-август күнү “Биздин мекендештердин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн күч-кубаты жана мүмкүнчүлүктөрү”, “Мамлекет жана диаспора – өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдери”, “Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө диаспораны өнөктөш катары мобилизациялоо” деген аталыштардагы тематикалык пленардык жыйындар менен коштолду.

“Биздин мекендештердин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн күч-кубаты жана мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы пленардык жыйында КРнын ЖКнин депутаты, КРнын ЖКнин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Нер-Нияз мамлекетте атайын мекендештер менен иш алып баруучу кызмат түзүү, өлкөбүзгө салым кошуп жаткан журтташтарыбызды мүмкүн болушунча коомго жеткирип, алардын эмгегин белгилөө менен мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү керектигин белгиледи.

Ал эми “Мамлекет жана диаспора – өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдери” деген пленардык жыйында диаспораларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырылышы багытында сүйлөгөн ЭлТРдин “Мекендештер” берүүсүнүн автору Гүлүмкан Урустамова “Мекендештер” берүүсү 2008-жылы алгачкы ирет бериле баштагандыгын, көрсөтүү Россиядагы кыргыз диаспораларынын колдоосу менен ушул күнгө чейин улантылып келе жаткандыгын, мекендештердин турмушун чагылдырууга учурда өлкө президенти да колдоо көрсөтүп жаткандыгын айтып, чет жерлерде эмгектенип жаткан мекендештерибиздин сагынычын, ийгилигин, кыйынчылыктарын чагылдырууда диаспоралардын демилгесин белгилеп өттү жана мекен сыртында жүргөн ар бир Кыргызстандыктын жүрөгү мекен деп согуп тураарын жүрөгү менен сезип келерин айтып, форумдун жалпы катышуучуларын мекенге биргеликте салым кошолууга чакырды.

Эки күнгө созулган форумда инвестициялык долбоорлорду тартуу үчүн мамлекеттик жана аймактар деңгээлинде кандай чараларды көрүү зарыл? Аймактардын экономикасын өнүктүрүүнү шыктандыруу үчүн ЕАЭБдин кандай артыкчылыктарын пайдалануу керек? Ишкерликтин ишмердүүлүгүнүн кандай багыттары чыныгы инвестицияларга муктаж? Чакан жана орто бизнес кантип ишкердүүлүк жагдайды өзгөртүп жатат, аймактарда алардын өнүгүшүнө жана өсүшүнө эмне тоскоол болууда? Соодада жана туризмде кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жана сапатын кантип көтөрүү керек? Сатуу рыноктору кандай түрдө кеңейет? Чакан жана орто ишканалар ири заказчылардын суроо-талаптарын дайыма эле канааттандыра алабы? Жаңы экономикалык чындыктын чакырыктарына жооп берүү менен ири чарбаларды түзүү, жаңыдан ишин баштап жаткан бизнесмен- ишкерлер кайда жана кандай бизнес баштоонун жолдорун жана кандай колдоо болоорун билишеби? Калктын ишкердүүлүк кубатын өнүктүрүү үчүн эмне жетишпейт? Диаспоралар бирдиктүү ишмердүүлүк байланыштары, түйүндөрү аркылуу жаңы тармактардын өнүгүшүн кантип шыктандыра алат? Эл аралык кызматташтыкты чыңдооүчүн диаспоралар кандай демилгелерди ишке ашырып жатат? Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү кадыр-баркын көтөрүүдө диаспорадагы жаштардын ролу кандай?-деген суроолордун айланасында жакындан пикир алышып, чечүүнүн жолдорун сунуш кылышты.

26643 16:16 02-08-2016

                 

Новости

|< >|