Күндөлүк турмуштун көйгөйүн артка таштап, жолдун алыстыгына, аралыктын узактыгына, жайдын аптабына карабай атайын ат арытып келген ардактуу коноктор! Бири-бирибизди көрүп, сагынычыбызды таркатып, чер жазыша баарлашып, Кыргызстаныбыздын эртенкисине салымыбызды кошсок, бакубат Кыргызстаныбызды бекемдөөгө биргелешип жол издесек деп “Мекендештер-2016” форумуна катышуу үчүн атайын келген меймандарыбызга, байыркы жана жаңыланган Ош шаарына, билим менен илимдин мега борборуна айланып бараткан Ош мамлекеттик университетине куш келиңиздер деп айтууга уруксат этиңиздер!
Баарыбыздын башыбызды кошуп, бири-бирибизге дем-күч берүүгө, тилектештик билдирүүгө, өзүнчө мүмкүнчүлүк, шарт жаратып, ар 2 жыл сайын салттуу түрдө форумду өткөрүп келе жаткан, быйылкы үчүнчү “Мекендештер” форумун өткөрүп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондуна, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандыктар үчүн Ата-Журттунда патриоттук жана интеллектуалдык баарлашуу аянтчасын түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз!