Новости

Ош шаарында «Мекендештер – 2016» III форуму башталды

Бүгүн, 1-август күнү Ош мамлекеттик университетинде «Мекендештер – 2016» III форуму башталды.

«Мекендештер-2016” Форумунун максаты - Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭске, ШККУга мүчө экендигин, Кыргызстандын аймактарынын географиялык жайгашуусунун уникалдуулугун, тарыхый жана табыгий байлыктарын эске алуу менен ишкерлик демилгелерди активдештирүү максатында чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын ичинен кубаттуу инвесторлордун көңүлүн буруу болуп саналат.

Форум дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келген диаспора өкүлдөрүнөн, бизнес-бирикмелеринен, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жана миграция боюнча эл аралык жана улуттук эксперттерден турган 400 дөй катышуучу катышууда.

Дискуссиялар алкагында катышуучуларга Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүнүн жолдору жана келечеги тууралуу маалымат берилет. Форумдун катышуучулары өздөрү чыгып сүйлөп, ой-пикирлерин бөлүшүп, өлкөнү, облусту, районду, шаарды өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн долбоорлорду жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулашат.

Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Президенттин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволорунун, Кыргыз Республикасындагы Дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, коммерциялык банктардын, эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөдөгү мекендештердин катышууда.

“Мекендештер-2016” Форумун “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Кыргыз өкмөтү, “Замандаш” Ассоциациясы жана Ош Мамлекеттик Университети менен биргеликте өткөрүп жатат.

Форумдун жүрүшүндө экономикалык өнүгүүдөгү жаңы чакырыктар, күчтүү аймактар – күчтүү өлкө, кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары, бизнес жана инвестициялар – өз ара аракеттешүүнү кантип жолго коюу керек, биздин мекендештердин Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн күч-кубаты жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекет жана диаспора – өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдери деген аталыштардагы тематикалык сессиялар иш алып барат. Форумдун алкагында “Атанын аманаты” киносу көрсөтүлөт, ошондой эле ОшМУнун короосунда элдик кол өнөрчүлүктүн, зергерчиликтин, даамдардын “Түштүктүн берекеси” аталышындагы көргөзмө уюштурулууда. Форум 1-2-август күндөрү, башкача айтканда 2 күнгө созулат.

“Мекендештер-2016” Форумун “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Кыргыз өкмөтү, “Замандаш” Ассоциациясы жана Ош мамлекеттик университети менен биргеликте өткөрүп жатат.

27425 10:01 01-08-2016

                 

Новости

|< >|